Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:53

БЕЛЕК-БЕЧКЕК, КОШУМЧА ЧОГУЛТКАН ЧИНОВНИКТЕР ЖАЗАЛАНАТ


Чолпон Орозобекова , Бишкек ЕККУ уюму менен биргеликте парламентте мамлекеттик чиновниктердин этикасы тууралуу мыйзам иштелип чыкканы турат. Анда пара алган, жакын туугандарын көтөргөн жана ашыра чаап той берип белек-бечкек жыйнаган чиновниктер жазаланат.

ЕККУнун жана атуулдук коом өкүлдөрүнүн катышуусунда бул мыйзам үч ай ичинде иштелип чыгат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште өткөн маалымат жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев билдирди. Бул мыйзам ириде коррупцияга бөгөт коюп, юбилей жана башка мааракелердин шылтоосу менен кошумча чогулткан, кызматынан пайдаланып тууган-уругун кызматка койгон, жеке жүрүш-турушу менен коомго моралдык жактан терс таасирин тийгизип аткан чиновниктерди тартипке чакырмакчы. Депутат Өмүрбек Текебаевдин айтымында, кайсы бир адам сотко кайрылып, аны далилдеп берсе мамлекеттик чиновникти кызматтан алганга чейин жазаланышы керек:

-Бир мисал. Бишкектен текшерүүгө чиновник районго же дубанга барса, жылкы союп тосуп алышат. Анан бүт жамаатка салык салып, айлыгынан кармап калышат. Бул тууралуу прокуратура жана башка текшерүү органдары деле билишет. Себеби алар өздөрү да ушул калыптанып калган эреже менен жашашат. Ошондой эле бул чиновниктин жакын туугандары кызматка алынбашы керек. Анан топуратып той берсе, анын кол алдындагылары кошумча деп акча чогултуп киришет, аны болсо тигил жетекчи уялбай алат. Мына ушул көрүнүштөрдү токтотушубуз керек,- дейт депутат Текебаев.

Учурда Кыргызстанда мамлекеттик кызматкердин этикасы деген түшүнүк жашаган менен аны юридикалык жактан бекемдеген мыйзам жок.

-Жоопкерчилигин сездириш үчүн ал кадрдын жүрүш-турушун бир эрежелерге салып, ушул чийинден чыкпайсың деп айтышыбыз керек. Муну азыр коом өзү да талап кылып атат,- дейт депутат Айдарбек Керимкулов.

Бул мыйзамга карата азырынча суроолор көп, канчалык чек коюлат, кайсыл кадамдарга кечирим берилет, кайсы учурда жогорку жазага кириптер болот азырынча белгисиз. Жакында эле коомдук уюмдар көп аял алган чиновниктерди жазалоо тууралуу кайрылуу жазышканы эсиңиздедир. Мындай жеке турмушундагы көрүнүштөр да жазаланышы керекпи деген сурооого депутаттар так жооп айта алышкан жок.

Атуулдук коом өкүлдөрү болсо чиновниктерге катуу талаптар коюлушу керек деп септешет. Адилет укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова бул мыйзам долбоор боюнча алгачкы жолугушууларда депутаттардан "канчалык катуу кеткенге даярсыңар" деп сурадым дейт. Жакупова айымдын пикиринде, мамлекеттик чиновник болгондон кийин мамлекеттин жүгүн моюнга алгандан кийин көп курмандыктарга барганга даяр болушу керек деп эсептейт:

-Эгер бул чектөөлөр кескин мүнөздө болбосо анда бизге кереги жок, бизге кызыксыз. Чукул өзгөрүүлөргө барыш керек. Мамлекеттик кызматкер болгондон кийин сен курмандыктарга барганга, коомдук фигурага айланганга даяр болушуң керек,- дейт Чолпон Жакупова.

Акыр бул мыйзам долбоору да коомчулукта кызуу талаш-тартышты жаратканы калды көрүнөт. Демилгеси топ болсо парламент менен презщидент колдоп берет деген үмүттө.

XS
SM
MD
LG