Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:17

ТҮНДҮК КОРЕЯ МАСЕЛЕСИ БОЮНЧА КЕЗЕКТЕГИ СҮЙЛӨШҮҮ БАШТАЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага 8-февралда Бээжин шаарында Түндүк Кореянын өзөктүк программаларынан чыккан маселе боюнча алты тараптуу сүйлөшүүнүн кезектеги айлампасы башталды.

2003-жылы башталган сүйлөшүүгө алты мамлекеттин - АКШ, Жапония, эки Корея, Кытай жана Орусиянын өкүлдөрү катышууда, буга чейинки жолугушуу Бээжин шаарында декабрда ийгиликсиз аяктаган. Ага чейин болсо Түндүк Корея бир жылдан ашык бою сүйлөшүүнү улантууга каршы чыгып келген, анткени 2005-жылдын аягында өлкө менен АКШ ортосундагы мамиле бузулган.

Вашингтондун айтымында, Түндүк Корея жасалма америкалык доллар чыгарып, аны Макао аралындагы "Банко дельта Азия" деген банк аркылуу сатууга аракеттенген, ошондуктан 2005-жылдын ноябрында АКШнын талабы менен Түндүк Кореянын ал банктагы 24 миллион доллар акчасы бар банк эсеби жабылган.

Анын алдында, 2005-жылдын сентябрында Бээжинде өткөн сүйлөшүүнүн кезектеги айлампасында Пхеньян - эгер дүйнөлүк коомчулук тарабынан ага жетиштүү экономикалык жардам көрсөтүлүп, өлкөнүн коопсуздугуна Батыш мамлекеттери кепилдик берсе, ал өзүнүн өзөктүк программаларын токтотот деген коммюникеге кол койгон жана азыркы сүйлөшүү негизинен - ошол келишимдин шарттарын аткаруу маселесине арналат.

Акыркы айларда Вашингтон менен Пхеньян ортосунда эки тараптуу жолугушуулар болуп, Түндүк Корея тарап сүйлөшүүнү улантууга макулдук берди. Америкалык "Вашингтон пост" гезитинин жазганына караганда, былтыр октябрда Түндүк Корея өзөктүк сыноо өткөргөндөн кийин Пхеньян менен Бээжин ортосундагы мамилелер бир кыйла бузулду, ошондуктан Кытай азыр Пхеньянга басым жасап, америкалык тарапка ык тарта баштагы. Сүйлөшүүнүн кайра башталып жатканынын дагы бир себеби катары гезит - Йоңбен деген шаардагы өзөктүк ишканада Түндүк Корея акыркы төрт жылдын ичинде онго жакын атом бомбасына жетиштүү өзөктүк зат иштеп чыкканын келтирет.

2005-жылдагы келишимдин шарттарына ылайык, Йоңбендеги ишкана жабылууга тийиш жана Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин текшерүүчүлөрү Түндүк Кореяга тоскоолдуксуз келип иштөөгө укук алыш керек.

АКШ өкүлчүлүгүн жетектеген мамлекетик катчынын жардамчысы Кристофер Хилл 7-февралда Бээжинге келгенде, ал келишимдин толук аткарылышын талап кылды: "Биз кандайдыр бир аракеттерди бирдиктүү жасаганда, ал орчундуу аракет болууга тийиш жана 2005-жылдын сентябрындагы келишимди аткаруу багытында оң кадам жасалыш керек. Келишим толук аткарылмайынча, бул сүйлөшүүдө ийгилик болбойт", - деди Хилл.

Корея тарап болсо ал келишимдин экинчи бөлүгү - эл аралык инспекторлордун өлкөгө келишине гана азырынча макул. Сүйлөшүүгө келген орус тышкы иштер министринин орун басары Александр Лосюковдун пикиринде болсо, жасалма акча сыяктуу эки тараптуу маселелер өзүнчө чечилүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG