Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:13

ӨKМӨТ КУРАЛДЫ, ӨЛКӨНҮ АЛГА СҮРӨГӨНГӨ ЧАМА-ЧАРКЫ ЖЕТЕБИ?


8-февралда кечинде өкмөт толук куралып бүттү. Бирок мамлекеттик агенттиктерге жетекчилерди дайындоолор уланууда. Азим Исабеков жетектеген өкмөттүн курамын, анын ыйгарым-укуктарын, мүмкүнчүлүктөрүн саясатчылар кандай баалашууда?

Президент Курманбек Бакиев жаңы өкмөттүн курамына ишкерлер, жаштар жана аялдар келиш керек деген пикирин бир нече жолу билдирген. Бирок бул каалоо бул ирет да аткарылган жок. Болгону мурдагы өкмөттө бир аял болсо, азыр ага Өктөмхан Абдуллаева кошулуп, экөө болду.

Социал-демократиялык партиянын лидери Алмазбек Атамбаев жаңы өкмөттүн иштеп кетүү мүмкүнчүлүгүнө карата мындай пикирин билдирди:

"Дайындалган министрлер премьер-министр баш болуп, бир команда болуп иштей алса, премьер-министрди угуп, анда бул өкмөттө мүмкүнчүлүк көп".

Алмазбек Атамбаевдин айтымында, анткени бул өкмөткө экономикалык жактан көп укуктар берилди:

"Менин оюмча, бул өкмөт Куловдун өкмөтүнөн кем эмес. Ал эми структура, ыйгарым-укуктар жагынан алсак бул өкмөттүн мүмкүнчүлүктөрү көбүрөөк. Анткени бул өкмөткө көп нерсе өткөрүлүп берилди. Экономиканын дээрлик бардык тармактары, агенттиктерге чейин өткөрүлүп берилди".

Мурунку кездеги өкмөттүн мүчөсү болуп жүргөн Роза Акназарова азыркы өкмөттө министрликтер өтө эле көбөйүп кетти деген пикирде:

"Эми бул структура ашыкча кеңейип кетти. Министрлик, комитеттердин санын мынчалык көбөйтүштүн кажети жок эле. Азыр кыскартуу жүргүзүп, андан кийин катуу талап коюп иштетсе, иштеп кетет. Негизи буларга жарым жылдан кийин баа беребиз".

«Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов Аликбек Жекшенкуловдун тышкы иштер министрлигинен бошотулуп, бул орунга Эднан Карабаевдин келиши Батыш, АКШ менен мамилени оңдоого шарт түзөт деген ойдо:

"Жекшенкуловдун кызматтан кетүүсүн Бакиевдин администрациясынын АКШ жана Европа Биримдиги менен жаңы барактан байланыштарды түзүү аракети катары бааласак болот. Анткени Жекшенкулов көп багыттуу, балансташкан саясат жүргүзөбүз деп айтып, бирок иш жүзүндө Батышка каршы бир катар одоно катачылыктарды кетирди".

Өкмөттүн экономикалык блогун болсо биринчи вице премьер-министр Данияр Үсөнов алга сүйрөөгө жөндөмдүү деп эсептейт Байсалов:

"Данияр Үсөнөвдун биринчи вице-премьер бойдон калышы жаңы өкмөттүн курамында ал жаңы идеялардын, модернизациялоонун генератору бойдон калат деген ойдомун. Куловдун өкмөтүнүн курамында да эң негизги новатордук идеялар, экономиканы көтөрө турган идеялар ушул Үсөнов мырзадан келүүчү. Бирок ал Кулов менен тирешип атып, анча жыйынтыкка келе алган жок. Эми Исабековдун өкмөтүндө Үсөновдун ролу дагы, таасири да артып, пайдасы Кыргызстанга тиет деп күтсөк болот. Өлкөнү алдыга жылдырчу демилегелерди да Үсөновдон күтсөк болот".

Эдил Байсаловдун пикиринде, калган министрлер президенттин саясатын ишке ашырууда өз оюн кошпостон, болгону жөнөкөй аткаруучу ролду аткарышат. Бул өлкөдөгү кадрдык таңсыктыкка байланыштуу келип чыгууда. Бийлик мына ошол себептен оппозициялык саясатчы Темир Сариевге экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигин жетектеп берүүнү сунуштаган деп эсептейт Эдил Байсалов.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG