Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:16

МЮНХЕНДЕ ДҮЙНӨДӨГҮ КООПСУЗДУК ТАЛКУУЛАНАТ


Жума күнү Германиянын Мюнхен шаарында ачылып жаткан коопсуздук боюнча эл аралык конференцияга 40тай өлкөнүн лидерлери менен өкүлдөрү катышмакчы. 43-Мюнхен конференциясына Орусиянын президенти Владимир Путин, Германиянын канцлери Ангела Меркель жана башка саясатчылар катышмакчы.

Мюнхенде жыл сайын өтүп келаткан коопсуздук конференциясы салт боюнча мамлекет жетекчилери чогулуп алып, дүйнөдө канткенде бейкуттук орнотууга болорун талкуулачу жайга айланган. Быйылкы саясий шеринеге Германия менен Орусиянын лидерлери, Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Хавьер Солана, НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер, АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс жана беш конгрессмен, Ливандын премьер-министри Фуад Синиора баш болгон 40тай өлкөнүн ырасми өкүлдөрү катышмакчы.

Жума күнү кечки сый тамак үстүндө учураша турган жетекчилердин дүйнөдөгү коопсуздуктун абалы менен келечегине арналган жарыш сөздөрү ишембиде башталат. Жыйынга катыша турган саясатчылардын бир даары бейшембиде Берлинге барып, Германиянын жетекчилери менен жолугушуулар өткөрдү. Пакистандын тышкы иштер министри Хуршид Махмуд Касури Ооганстандагы кырдаалга басым жасады.

- Ооганстандагы туруктуу кырдаал – биздин турмуштук кызыкчылыгыбызга төп келген маселе. Биз президент Карзайды колдойбуз. Мен өзүм Бонндо өткөн Ооганстан боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышкам, кийин ооган качкындарынын лагерлеринде добуш берүүнү уюштурууга жардам бердик. Айтыла жүргөндөй, бул иштер биздин чыныгы ниетибизди айгинелейт.

Мюнхендеги коопсуздук конференциясына бир күн мурдараак барган Украинанын президенти Виктор Юшенко Германиянын канцлери Ангела Меркел менен жолугушуунун соңунда Европанын коопсуздугу үчүн баарыдан маанилүү болуп турган энергетика маселесине токтолду.

- Украина Европанын энергетикалык коопсуздугу маселесиндеги өзүнүн башкы ролун жана жоопкерчилигин түшүнөт. Өткөн жылкы окуялар прессада толук калыс чагылдырылбаганын билем, бирок Украина Энергетика хартиясы боюнча өз милдеттенмелерин кынтыксыз аткарат деп ишендире кетмекчимин.

Ошентип, Мюнхендеги коопсуздук боюнча конференцияда ушу тапта дүйнөдөгү бейкуттук менен туруктуулукка коркунуч келтирип жаткан бардык жагдайлар талкууга алынаары күтүлүүдө. Жыйында башкы кожоюндук кыла турган профессор Хорст Тельтчик 9-11-февраль күндөрү өтө турган конференцияга эл аралык деңгээлдеги саясатчылар катышат, анда учурдун эң талылуу маселелери ар тараптуу, кызуу талаш маанайында талкууланат деп белгиледи.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG