Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

ПРЕЗИДЕНТ: ӨКМӨТ ПАРЛАМЕНТ МЕНЕН ТЫГЫЗ ИШТЕШ КЕРЕК


9-февралда президент Курманбек Бакиев өкмөттүн жаңы мүчөлөрү менен жолугушуп, алардын алдыда аткара турган милдеттерге токтолду. Президент өкмөт парламент менен тыгыз байланышта иштеп, экономикалык өсүштү камсыздоо менен тышкы карызга байланыштуу маселелерди чечиши керектигин белгиледи. Бирок айрым депутаттар өкмөттөгү кээ бир министрлер парламент менен иштеше албайт деген пикирде болууда.

8-февралдын кечине карай толук куралып бүткөн өкмөт 9-февралда эрте мененки президент менен жолугушууга толук курамда келди. Мамлекет башчысы жыйырма минуттук сөз сүйлөп, анда эски өкмөттүн ишине баа берүү менен жаңы өкмөттүн алдына бир катар милдеттерди койду. Куловдун өкмөтү туруктуулукту сактап, экономикалык өсүшкө шарт түзүү менен өзүнүн негизги милдетин аткарды деген президент, бирок ал өкмөт экономиканы өстүрүү, инвестиция тартуу боюнча тапшырманы аткара албаганын, парламент менен тил табышпай калганын белгиледи.

Президент демократиялык реформалар шартында парламент, жарандык коомдун ролу күчөп отураарын айтып, өкмөткө кайрылды:

- Ошондуктан сиздердин Жогорку Кеңеш менен ишиңиздер түп тамыры менен өзгөрүүгө тийиш. Биринчиден, өкмөт мыйзам долбоорлорун даярдоо демилгесин өзүнө кайтаруу керек. Экинчиден мыйзам долбоорлордун сапатын көтөрүү зарыл. Үчүнчүдөн, Жогорку Кеңеш менен иштөөнү жакшы жолго салыш керек.

Президент инвестиция соода чөйрөсүнө гана тартылып жатканын, соода балансынын тескери сальдосу ашкере өсүп кеткенин айтып, реалдуу экономикага өзгөчө көңүл бурууга чакырды. ХИПК программасына токтолгон президент өкмөт бул маселени коомчулук, парламент менен кеңири талкуулоо менен чечиши керектигин белгиледи.

Президенттин тапшырмаларына карата юстиция министри Марат Кайыпов мындай пикирин айтты:

- Кыргызстандын өкмөтү мыйзам чыгаруу бийлиги менен тыгыз, макулдашып, ынтымакта иштеш керек. Бул биринчиден. Экинчи жагынан экономикалык реформаларды алдыга жылдыра турган мыйзамдык демилгелерди өкмөт көтөрүш керек деген тапшырма алдык.

Жаңы өкмөт парламент менен жемиштүү иштеше алабы? Бул суроого Жогорку Кеңештеги «Мекен» депутаттык тобунун лидери Искендер Гаипкулов мындай жооп берет:

- Премьер-министр жөнүндө айтсак, ага Жогорку Кеңештин көз карашы жакшы. Жаңы шайланган миинстрлер арасынан төрт министрге парламентте ой-пикир аябай начар. Менин оюмча, алар көпкө турбаса керек. Ачыгын айтканда, өзгөчө кырдаалдар, каржы, транспорт, айрыкча жаңы түзүлгөн энергетика министри боюнча көп сөз болууда. Көп министрлер парламент менен иштей албайт. Ал ачык эле нерсе. Ошондуктан бүгүнкү күндө көп мыйзамдар өтпөйт.

Ал эми «Жибек жолу» депутаттык тобунун мүчөсү Султан Урманаев бул маселеге карата мындай пикирде:

- Президент мындай сөздү мурда да айткан. Эгерде жаңы өкмөткө да айтып жатса, анда ийкемдүү жаштар, жаңы балдар бар экен, менин оюмча президент парламентти сыйласа анда иш болот.

Президент менен жолугушуу аяктагандан кийин өкмөт башчы Азим Исабеков жыйын куруп, экономиканы көтөрүү боюнча маанилүү мамлекеттик иштерди аткарышыбыз керек деп билдирген. Бул үчүн Камбарата ГЭСтерин курууга мыйзамдык жол ачуу, ири завод, комбинаттарды натыйжалуу иштетүү, түштүктө цемент заводун куруу, түндүк - түштүктү туташтыруу менен Кытайга чыгуучу темир жол курулушун баштоо зарыл.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG