Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:46

МАМАГЕНТТИК БАШЧЫЛАРЫ ОРУНДАРЫНДА КАЛЫШЫ МҮМКҮН


Жаңыдан түзүлгөн мамлекеттик агенттиктин жетекчилери дайындалды. Мурдагы агенттиктердин жетекчилери өз орундарында калышы мүмкүн. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев «Азаттыкка» билдирди. Ал эми бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн пикиринде, азыркы башкаруу системасын өзгөртмөйүнчө, өкмөттүн структурасын канчалык кайра түзгөнү менен эч бир натыйжа чыкпайт.

9-февралда Президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин деректирлигине Иманкадыр Рысалиев дайындалды. Ал эми калган беш агенттик, курулуш жана архитектура боюнча, мамлекеттик сатып алуу жана материалдык резерв, айлана чөйрөнү коргоо, кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктердин жана каржы полициясынын жетекчилери өз кызмат орундарында калышы мүмкүн. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев билдирди.

- Иманкадыр Рысалиев буга чейин монополияга каршы улуттук агенттикти жетектеп келген. Ал мурда өкмөттүн курамында эмес, борбордук орган катарында болуучу. Азыр монополияга каршы жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча агенттик өкмөттүн курамына киргенден кийин, анын жетекчиси болуп ошол эле Рысалиев кайра дайындалды.Башка агенттиктердин директорлору боюнча айта турган болсок. Көп деле өзгөртүү болбойт. Себеби дегенде, аты өзгөрбөгөн жана структурасында өзгөртүүлөр, кошумчалар болбогон агенттиктердин деректирлери орундарында эле калышы, аткарып жаткан азыркы кызматтарын уланта бериши мыйзам ченемдүү көрүнүш. Сыягы өзгөртүү деле болбойт го.

Ал эми коомчулукта өкмөт структурасына жана курамына ар-кандай ой-пикирлер айтылууда. Айрымдары жаңы өкмөттүн курамы саясат менен аралашпай өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө белсенип киришет деген ишенимде. Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн көз карашында башкаруу сиситемасын өзгөртмөйүнчө өкмөттүн структарасын кайра-кайра түзгөнүнөн эч бир майнап чыкпайт. «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын аткаруучу директору Жыргалбек Турдукожоевдин көз карашында башкаруу бийлигинин системасын өзгөртмөйүнчө, аткаруу бийлигине, биринчи кезекте өкмөткө өз алдынчалуулукту бермейинче, экономиканы башкарууда, социалдык тармакта эч качан өкмөт экономиканы көтөрүп кете албайт:

-Элдин жыргалчылыгын жогорулатып кетет, деп ишенүүгө болбойт. Бул менин жеке көз карашым.

Ош облустук элдик экономиканы көтөрүү жана ХИПИКке каршы кыймылдын координатору Маматкадыр Акматов болсо өкмөт курамына коррупцияга аралашпаган таза иш билги адамдар, жаңы көз караштагы муундар келмейинче, өкмөттүн иши алдыга жылбайт деген ойдо.

- Азыр мурдагы Кубанычбек Жумалиевдин тушундагы өкмөттүн акыбалына түшүп тургандагыдай абал болуп турат. Анын үстүнө жаңы, азыркы заманбап ой жүгүрткөн таза инсандарды алып келмейинче акыбалыбыз кыйын болуп тура берет, -деди Маматкадыр Акматов.

XS
SM
MD
LG