Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:30

ПАЛЕСТИНАНЫН ЖАҢЫ ӨКМӨТҮНӨ САУД АРАБИЯ БИР МИЛЛИАРД ДОЛЛАР БӨЛҮП БЕРЕТ


Нарын АЙЫП, Прага 7-8-февралда Мекке шаарында өткөн сүйлөшүүнүн натыйжасында Палестина төрагасы Махмуд Аббастын ФАТХ кыймылы жана автономиянын өкмөтүн көзөмөлдөгөн ХАМАС уюму ортосунда улуттук биримдик өкмөт түзүү жөнүндө келишимге кол коюлду.

Келишимге Палестина автономиясынын төрагасы Махмуд Аббас жана ХАМАС уюмунун саясий жетекчиси Халед Машаал кой койду. Анын шарттарына ылайык, жаңы өкмөттүн башында ХАМАСтын өкүлү Исмаил Хания калат, анын орун басарын ФАТХ дайындайт. ФАТХ менен ХАМАС уюмдары өкмөттө ар бири алтыдан министрлик орун алат жана андан тышкары өкмөттүн курамына беш көз карандысыз саясатчы кошулат, алардын үчөөнү ХАМАС, калган экөөнү ФАТХ сунуштайт.

Ал беш көз карандысыз өкмөт мүчөсүнүн ичинде тышкы иштер министри болуп Зияд Абу Амр жана каржы министри болуп Салам Файад дайындалаары тууралуу макулдашылды. Ички иштер министрлик кызматка дагы көз карандысыз саясатчы келет, анын ысмы азырынча жарыялана элек.

Андан тышкары, түзүлгөн келишим боюнча тараптар - Палестинаны боштондукка чыгаруу уюму жана Араб лигасы мурда кол койгон келишимдерди аткарууга милдеттенме алды. Жолугушуу учурунда ал тууралуу ачык айтылбаса дагы, андай документтердин арасында - Израил менен түзүлгөн келишимдер да бар. 2002-жылы Бейрут шаарында Сауд Арабиянын падышасы Абдулла ибн Абдел Азиз ибн Сауд сунуштаган тынчтык планын дагы тараптар аткара турганын билдирди.

Келишимге кол коюу аземине падыша өзү да катышты жана тараптарга кайрылып, Палестинанын кыйраган экономикасын көтөрүү үчүн өз казынасынан бир миллиард доллар бөлүп берүүгө убада кылды.

Түзүлгөн келишимди тараптар аткара турганын билдиришти. "Кудай буюрса, кайтып баргандан кийин премьер Исмаил Хания менен өткөрө турган биринчи жыйындан тартып биз жаңы өкмөт менен жаңы доор баштайбыз. Ал өкмөт - биз жана биздин эл көпкө чейин дуушар болгон кыйынчылыктарды токтотууга жөндөмдүү болууга тийиш. Биз ушундай өкмөт түзүүнү эңсегенбиз", - деди Махмуд Аббас Мекке шаарында.

Премьер Исмаил Ханиянын айтымында, жаңы өкмөттүн аракеттери ийгиликтүү болууга тийиш: "Бүгүндөн тартып Палестина ишинде жаңы мезгил башталууда, буюрса, ал - биздин кыймылдын орчундуу бөлүгүн бүтүрүүгө, улуттук максаттарды коргоп, бизди курчаган агрессиядан кутулуу мезгили болот", - деди Хания.

Бириккен Улуттардын баш катчысы Пан Ги Мун жана Маскөө келишим түзүлгөнүн кубаттоо менен кабыл алды, Израилдин тышкы иштер министрлиги - Палестинанын жаңы өкмөтү Израилди расми түрдө тааныш керек деп билдирди. АКШ жетекчилигинин айтымында, жаңы түзүлүп жаткан өкмөт куралдуу кагылышууларга жол бербей, Израилдин укуктарын таанууга тийиш.

XS
SM
MD
LG