Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:52

ӨЛКӨ БАШЧЫСЫ ИШЕМБИЛИК ӨТКӨРДҮ


Бүгүн Бишкек шаарында өткөрүлгөн ишембиликте президент Курманбек Бакиев баш болгон өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда Улуттук филармониянын алдына балаты, арча отургузулду. Мамлекет башчысы бул иш чара, жайында өтүүчү Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине карата даярдыктын башталышы экенин белгиледи. Экс-премьер-министр Амангелди Муралиевдин пикиринде кыргыз бийлиги ШКУнун жыйынын өтөрүүдө эл аралык жогорку деңгээлдеги саясий ишмердүүлүгүн көрсөтүүсү зарыл.

Президент Курманбек Бакиев Бишкекте жайында өтүүчү Шанхай Кызматташтык Уюумунун (ШКУ) саммитине карата баардык министрлер, шаар администрациясы, Чүй облустук администрациясы даярдык көрө баштагынын белгиледи. Анын айтымында, саммитти татыктуу өткөрүү жеке эле президенттин, өкмөттүн эле милдети эмес, ар бир Кыргызстандыктын милдети.

-Шанхай Кызматташтык Уюмунун негизги милдети аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу. Ошондой эле экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү. Биз ШКУнун жыйынына карата жолдорду, имараттарды оңдоп, сырткы көрүнүштөрдү иретке келтирип эле тим болбостон, ШКУнун маңыздуу бөлүгүнө да даяр болушубуз керек. Менимче саммитке байланыштуу азыр даярдалып жаткан документтерге кол коюлгандан кийин Кыргызстан эли, экономикасы олуттуу жандануусу керек.

Президент ошондой эле Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине карата даярдыкка бөлүнгөн акча каражаттарын чиновниктер мурдагыдай болуп өз кызыкчылыгына жумшабай, бардык каражаттар керектүү жерге жумшаларын белгиледи.


Бишкектин мэри Арстанбек Ногоев саммитке карата шаардык кеңеш 250 млн. сом каражатты бекитип бергенин билдирди. Анын айтымында, саммиттин аркасы менен шаардагы бир катар проблемаларды чечүү пландаштырылган. Учурда шаардын түндүк аймагындагы турак жайларга коркунуч туудурган жер алдынан чыккан сууларды кургатуу үчүн тринаждарды казуу иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле шаарды сугат суу менен камсыз кылуу маселеси каралууда.

-Шаарда көп чечилбеген проблемалар бар. Ал ШКУга тиешеси жок проблемалар. Ошолорду чечишибиз керек.

Ал ошондой эле Бишкектеги мекеме-ишканалардын кызматкерлери,окуу жайлардын студенттери бүгүн шаардык жалпы ишембиликке чыкканын белгиледи.

Экс-премьер-министр Амангелди Муралиевдин пикиринде, Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитин өткөрүүдө кыргыз бийлиги эларалык деңгээлдеги саясий ишкерликтин туу чокусун көрсөтүүсү зарыл.

-Биринчи орунда иштин мааниси болушу керек. Кыргызстан ушул ШКУнун жыйынын өткөрүп, өзүнүн чыныгы деңгээлин көрсөтсө, өзүнүн татыктуу имиджин көрсөтсө туура болот деп ойлойм. Ал эми короо шыпырып, дубалдарды сырдоо анчейин деле биздин эономикабызды жакшы жагынан көрсөтө албайт,-деди Амангелди Муралиев.

XS
SM
MD
LG