Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:46

ТҮРКМӨНСТАН: ЖАҢЫ ПРЕЗИДЕНТТИН БАГЫТЫ КАНДАЙ БОЛОТ?


Гүлайым Ашакеева, Жаннат Токтосунова, Бишкек Бүгүн өтүп жаткан Түркмөнстандагы президенттик шайлоого карата эл аралык адистер, саясат таануучулар ар кандай көз караштарын билдиришүүдө.Шайлоо жыйырма жылдан ашуун бир инсандын – Түркмөнбашы Сапармурат Ниязовдун чексиз бийлиги өкүм сүрүп келген өлкөдө өтүп жатат. Президенттик орунга алты талапкер ат салышууда. Бирок, айрым байкоочулардын пикиринде бул жөн гана жасалма демократиялык, жасалма атаандаштык менен уюштурулган шайлоо болууда.

Эл аралык Кризистик топтун Борбор Азия боюнча адиси Майкл Холл, шайлоонун өтүп жатышы өзү эле Түркмөнстан үчүн чоң жетишкендик:

- Өлкөдө саясий система акырындан өзгөрүп жатат. Жаңы бийлик өз өлкөсүндө жана дүйнөлүк коомчулукка мыйзамдуу негизде келгенин көрсөтүүгө аракет кылууда. Муну биз жакшы белги катары баалайбыз. Бул шайлоонун натыйжасында Түркмөнстанда кандайдыр бир өзгөрүүлөр болот деп ойлойм.

Ал эми Нью-Йорктогу Колумбия Университетинин профессору, Борбор Азия боюнча адис Рафис Абазовдун баамында, келе жаткан шайлоодон көп деле өзгөрүүлөрдү күтүүнүн кереги жок. Себеби, бул шайлоо Түркмөнбашы курган бийлик түзүлүшүнүн турган турпаты бойдон башка бир адамдын колуна өтүшүн шарттап жатат:

- Саясий партиялардын коё берилбегендиги, оппозициянын тапткакыр четтетилгени жана бийликке жетүүгө күрөшкөн кландар да өз адамдарын алып чыга алышпаганы шайлоого башкача мүнөздөмө берет. Бул өлкөдө жеке инсандардын мындан ары өлкөнү башкаруу үчун орун которуусу гана болуп жатканы көрүнүп турат.

Серепчилер алты адамдын ичинен бараандуу талапкер катары президенттин милдетин аткаруучу Гурбангулы Бердимухаммедовду көрсөтүшүп, Түркмөнстандын жаңы президенти дал ушул адам болот деп айтышууда.

21-декабрда президент Сапармурад Ниязовдун күтүүсүздөн каза болгону жөнүндө маалымат тараганга чейин Саламаттык сактоо министри жана вице-премьерлик кызматты аркалаган Гурбангули Бердымухаммедов эл аралык коомчулукка белгисиз болчу. Түркмөнбашы кайтыш болоору менен Бердымухаммедов шашылыш чараларды көрүп, мыйзам боюнча президенттин милдетин аткара турган адам – Олий Мажилистин төрагасы Овазгельды Атаевди камакка алып, чоң саясаттан четтеттип, кезексиз президенттик шайлоого өзүнүн катышуусу үчүн Конституцияга керектүү өзгөртүүлөрдү киргизген.

Түркмөн оппозиция өкүлдөрү чет мамлекеттерде жашашат. Алардын Түркмөнстанга кайтып келишине каршы чечкиндүү чаралар көрүлгөндүктөн бул шайлоодон сыртта калышты. Ошентип, адистердин баамында учурда Гурбангулы Бердымухаммедовдун эч тоскоолсуз президент боло турганы айкын.

Орусиялык “Жаңы мезгил” гезитинин Борбор Азия боюнча баяндамачысы Аркадий Дубнов Москвадагы Карнеги Борборунда өткөн тегерек үстөлдө айткан сөзүндө, Бердымухаммедовдун саясий салмагынын басымдуу болушуна анын кайсы урууга тиешелүү экендиги да чоң таасирин тийгизгенин айтты:

- Бийлик мураскору эң биринчи ирээтте Ниязов чыккан теке уруусунун өкүлү. Туркмөнстанды кылымдар бою ушул уруудан чыккан текелер башкарып келген. Бул башкаруунун уруулук эрежеси совет доорунда гана бир нече жолу бузулган.

Шайлоо өнөктүгүнүн башталышында Бердымухаммедов менен президенттикке дагы бир салмактуу талапкер катары Түркмөнбашы Ниязовдун жеке коргоо кызматынын жетекчиси Акмурад Реджепов да аталалып келген. Москвадагы Карнеги Борборунун адиси Алексей Малашенко: - Бирок көп узабай, эки талапкер, жана алардын артында турган эки клан бирикти. Демек, шайлоодон кийин өлкөнүн саясий системасында реформалар күтүлбөйт. Баягыдай эле бардыгы өз ордунда калат,- деген баасын билдирди.

Ал эми саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин айтымында, жалпы түркмөн коомчулугунда азырынча өзгөрүүлөр болбойт, карапайым калк минималдуу киреше алып, калыпка салынгандай жашоого көнүп калган:

-Өзгөрүү болушу мүмкүн качан кана Түркмөнбашынын берген жеңилдиктерин элден алып, газ, туз, нандын бекер болушун жоюп, эл бир аз нааразы болуп калса, ошол кезде оппозицияны элдер колдоп кетиши мүмкүн. Элдин баарын баягы бекер оокат менен «мына биз силерди жыргатып атабыз, бекер багып атабыз, ушунун баары Түркмөнбашынын аркасы менен болуп атат» деп, ошого ишенип калган эл, азыр деле ошону күтүп турат.

Түркмөнстан газдын көлөмү боюнча дүйнөдө 5 – орунду ээлейт. Ошондуктан, өлкөдөгү табигый байлыктар үчүн башка өлкөлөрдүн кызматташууга болгон кызыгуусу чоң болгондугу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Сапармурат Ниязовдун тушунда өлкөнүн өнөктөштөрү жана атаандашатары Түркмөнбашынын жеке мамилесинен көз каранды болуп келген. Тышкы саясат – Түркмөнбашыга “жагат же жакпайт” деген жөнөкөй ыкма менен курулуп, өлкө бейтарап саясаты менен өзгөчөлөнгөн.

Эми жаңы президенттин алдында өлкөнүн тышкы саясатын жүргүзүүдө чоң жоопкерчилик турат. Анткен менен Эл аралык кризистик борбордун өкүлү Майкл Холлдун пикиринде ким бийликке келсе да Түркмөнстандын тышкы саясатынын багыты Ниязовдун тушундагыдай бойдон калат:

- Орусия өзүнүн Газпром менен Ниязов кол койгон газ тууралуу келишимдеринин аткарылышы туруктуу болуп, газ түтүктөрүнүн толук иштеп турушун каалайт. Ал эми Евробиримдик, албетте Түркмөнстандын энергетикалык байлыктарына кызыгуу менен жаңы келишимдерди түзүүнү каалайт. Түркмөн тарап азырынча бул жаатта жаңы байланыштарды деле баштабаса керек. АКШ менен Түркмөнстанын кызматташтасууна токтолсок, албетте Америкага өлкөнүн географиялык жайгашуусу, Иран, Афганистан менен чектеш жайгашкандыгы үчүн кана кызыкчылкка ээ. Кытай болсо Түркмөнстандын энергетикалык ресурстарына өтө кызыкдар экендтгт баарыга эле белгилүү.Коңшулаш Иран жана Афганистан менен алакалар Ниязовдун тушундагыдай эле калат.

Көз карандысыз Кыргызстан менен Түркмөнстан ортосундагы мамилелер солгун болуп келген. Кыргызстандын Түркмөнстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Зарылбек Акматбековдун айтымында, бийликке ким келсе да, Кыргызстан өзүнүн энергетикалык маселелерин чечүү үчүн Түркмөнстан менен кызматашууну бекемдеши керек:

-Бул жерде нефти, газ, бул жерде жер семирткич деген болот. “Карбомит” деген дүйнө жүзүндөгү эң чоң карбомит чыгарган завод салган. Кыргызстанда болсо жер семирткич жетпей атат, мындан алса болот, газ алса болот, нефти алса болот. Мына Кытай менен Түркмөнстандын ортосунда газ түтүктөрү өтөт, ошону Кыргызстан аркылуу алып өтүүнү сүйлөшүш керек. Бакиев менен Түркмөнстан тараптын ортосунда тыгыз байланыштар болсо көп маселелерди Кыргызстандын пайдасына чечебиз.

Бүгүнкү өтүп жаткан президенттик шайлоо Түркмөнстан үчүн өлкө башчысын гана тандоо эмес. Ал эми бир катар адамдар күткөндөй мамлекетти өзгөртө турган окуя болсо деген кыялдануулар ишке ашабы азырынча айтуу кыйын.

XS
SM
MD
LG