Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:32

«ТИЛИМ-ДИЛИМ»: УРААН ЫРДЫН УРМАТЫ БҮТТҮБҮ?


Ушу тапта ураан ырдын, же тагыраак айтсак Мамлекеттик Гимндин тегерегинде кеп-сөз күчөдү. Ал тургай он беш жылдан бери жашап келген бул башкы ырдын текстине кине койгон көз караштар пайда болуп, алгач андагы «бейкут» жана «досторуна даяр дилин берүүгө» деген сөздөрдү алмаштыруу гана ниети билдирилсе, акыркы кездери Гимндин текстин бүт бойдон жаңыдан жаздыруу талабы коюлууда.

Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жыйынында Мамлекеттик катчы А.Мадумаров да комиссиянын курамындагы тилчи-окумуштууларга, адабиятчыларга кайрылып, коомчулукта пайда болгон жогорудагыдай пикирлерге өз ойлорун айтууну суранды. Анын ишениминде «бейкут» деген сөз «кутсуз» деген маанини түшүндүрөт. Ошону менен бирге эле ал, «досторуна даяр дилин берүүгө» деген ыр сабына токтолуп, бирөөлөргө дилин берген эл, акыры динин да берет, анан тилин да берет, демек дилин берген элдин келечеги жок, деп айтты.

Мамлекеттик Гимндин текстине сынак жарыяланган учурда ошол сынактын төрагасы болгон, белгилүү жазуучу Казат Акматовго кайрылганыбызда, Гимн кабыл алынып аткан учурдагы парламентте бакандай болгон беш жазуучу депутат болуп олтурганын, мындан сырткары талкууга кыргыз элинин аттуу-баштуу адабиятчылары, тилдин «тишин» чаккан академиктери катышканын, ошондо алар, айрыкча түштүк депутаттарынын бири дагы «бейкут» деген сөз «куту жок» дегенди билдирет деп айтпаганын, бийлик жаңырса эле өзгөртө бергидей Гимн деген оюнчук эместигин, негизи ураан ырдын сөзүн кайра жазууга каршы экендигин, эгер өзгөртүү керек болсо мындай чечимди Жогорку Кеңештен бөлөк бир дагы мамлекеттик орган ала албастыгын айтуу менен бул боюнча ошол кездеги депутат, айтылуу көркөм сөз чебери Төлөгөн Касымбековго кайрылып көрүүбүздү өтүндү.

Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн КасымбековЖалил Садыковго телефон чалдык. Жалил ага, «бейкут» деген сөздө эчкандай тескери ой камтыган маани жоктугун, бирок, «досторуна даяр дилин берүүгө» деген сап алгачкы оригиналында «досторуна даяр жанын берүүгө» деген сап экенин, аны комиссия өзгөрттүрүп, «жанын» дегенди «дилин» деген сөз менен алмаштыртып койгонун, эгер ушул эки сапты алмаштыр дешсе, алмаштырып коюуга макул экендигин билдирди.

Гимндин сөздөрүн кайра жазуу боюнча коомчулукта да бирдей пикир жок. Бир тарабы кайра жазууга каршы болсо, экинчи тарабы сөзсүз гимн жаңыланууга тийиш дейт. Макул тарап тексттеги тескери маани берген сөздөрдү далилге тартса, каршы тарап мамлекеттин энбелгилерин өзгөртүү ансыз да араң турган элдин түндүк-түштүккө бөлүнүүсүн тереңдетет деген ойдо. Маселен, КР президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы Аалы Молдоканов бул сыяктуу аракеттерге каршы. Анын оюн улаган журналист Жылдыз Муслимова мамлекеттин башкы ырын өзгөртөбүз деп жаткандар саясатчылгы башынан ашкандар экенин, өлкөдө башка иштер түгөп калгансып, жөндөн жөн эле бөйрөктөн шыйрак чыгармай, ушундай кылчайнаш учурда жакшылыкка алып барбасын айтат .

Биз Нарын,Чүй жана Жалал-Абад обулсундагы кабарчыларыбыз Жаркын Ибраева, Жазгүл Жамангулова, Ырысбай Абдраимов менен кабарлашып, ал жерде жашаган тургандардын ой-пикирлерине кызыкканыбызда, мында деле бирдей пикирдеги көз караштар жоктугуна күбө болдук.

Ал эми белгилүү тилчи, Кыргыз улуттук университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Турусбек Маразыковдун оюнча өзгөрүүгө учурабай турган эч нерсе жок. Мамлекеттин эн белгилерин кабыл алуу учурунда дал ошол кыргызчылыктын айынан көп мүчүлүштүктөр кеткендиги жалпыга жакшы белгилүү. Ошондуктан өткөн ишке салабат дей бербестен эртедир-кечтир буга кайрылып жатканыбыздын өзү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Демек мындан саясат жасагысы келгендер жаңылышат. Окумуштуунун айтуусунда «бей» деген афиникс кыргыз тилиндеги сөздөрдүн башына келгенде негизинен тескери маани берери чын, ошондуктан муну обужок саясатташтыра бербестен мамлекеттин деңгээлинде чечсе болот. Ушул эле университеттин дагы бир профессору, педагогика илимдеринин доктору Назаркул Ишекеев да улуттук эенбелиглерди кайрадан карап чыгууга мезгил жетти деп эсептейт.

Баса ушул жылдын 16-февралында КР президенти К.Бакиев Кыргызстандын маданият тармагынын өкүлдөрү менен жолугушат. Балким, Гимн, Герб, Туу маселеси ушул жыйында козголуп калышы да ажеп эмес. Айтор, азырынча убакыттан озбой туралы, бардыгын учур көрсөтөт.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ

XS
SM
MD
LG