Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

ОРУС ПРЕЗИДЕНТИ БАТЫШТЫ КАТУУ СЫНГА АЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Мюнхен шаарында өтүп жаткан эл аралык конференцияда орус президенти Владимир Путин 10-февралда Америка Кошмо Штаттарын катуу сынга алды. Бирок Батыш саясатчылары ал сынды токтоо кабыл алды.

Путин ал коопсуздук маселелерине арналган конференциянын биринчи күнүндө, 10-февралда сүйлөгөн, андан кийин өткөн эки күндүн ичинде бир дагы башка жетекчи орус президентин ачык колдоого алган жок. Аны менен катар, айрым байкоочулардын пикиринде, Батыш мамлекеттери менен болгон мамилелерин Маскөө мындай сөздөр менен бир топ катуу бузуп алышы мүмкүн. 11-февралда конференцияда АКШ коргоо министри Роберт Гейтс чыгып сүйлөгөндө Маскөөгө катуу деле жооп берген жок, ал жөн гана экинчи кансыз согуш эч кимге кереги жок деп билдирди.

Айрым байкоочулар Путиндин сөзүн - жаңы кансыз согуштун башталышы деп мүнөздөп жатат. Конференцияга катышкан америкалык сенатор Жон Маккейн болсо 11-февралда - СССР чачырагандан бери орус жетекчилери мынчалык агрессивдүү сүйлөгөн эмес экенин белгиледи.

Путиндин айтымында, Вашингтон азыр бүткүл дүйнөгө өз оюн таңуулап жатат: "Бир өлкөнүн айрым эрежелери, чындап айтканда, анын бүткүл укук системасы, өзгөчө, албетте, АКШныкы, улуттук чек аралардан өтүп, бардык тармактарда - экономикалык, саясий жана гуманитардык тармактарда башка мамлекеттерге таңуулана баштады. Ал кимге жакмак эле?" - деди Путин.

Анын пикиринде, андай бир тараптуу саясаттан эл аралык коопсуздукка доо кетүүдө: "Азыр дүйнөдө болуп жаткан нерсенин баары - ошондой бир уюлдуу дүйнө деген концепциянын ишке ашырылганынын туундусу. Андан эмне жыйынтык чыгып жатат? Андай бир тараптуу, кээде мыйзамсыз аракеттер менен бир да маселе чечилген жок. Тескерисинче, андан гуманитардык трагедиялар чыгып, маселелүү аймактар пайда болууда", - деди Путин.

Бирок Путин жалаң гана Вашингтонду сынга албастан, өз сөзүндө, мисал үчүн, Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун ишине да шек келтирди: "Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмун - башка мамлекеттерге карата бир өлкөнүн же бир нече өлкө тобунун саясий кызыкчылыктарын ишке ашыруу боюнча орой аспапка айландыруу аракеттери көрүлүүдө. Андай максат менен бул уюм өзүнүн бюрократиялык аппаратын түзүп алды жана уюмду негиздеген мамлекеттерге тийешеси жок чечим чыгаруу эрежелерди чыгарып, өкмөттүк эмес деген уюмдарды пайдаланууда", - деди орус президенти.

Путиндин мынчалык катуу сүйлөгөнүнүн эксперттер ар башка чечмелөөдө. Айрым байкоочулардын пикиринде, анын Батышка карата мурда айткан сын-пикирлери эске алынган эмес жана аларга эч жооп болбогондуктан, Мюнхендеги жыйында Путин эмоцияга берилип кеткен сыяктуу. Башкалардын пикиринде, орус президентинин сөзү - мусулман өлкөлөрүнүн көңүлүн алууга көздөлгөн. Анткени, 11-февралда Путин Сауд Арабияга, андан соң Катар, Йордания жана Палестинага келүүдө.

XS
SM
MD
LG