Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:41

БАРАК ОБАМА АКШ ПРЕЗИДЕНТТИГИНЕ ТАЛАПКЕРЛИГИН ЖАРЫЯЛАДЫ


Нарын АЙЫП, Прага 2008-жылы АКШда өткөрүлө турган президенттик шайлоого Барак Обама деген дагы бир жаңы талапкер көрсөтүлдү. Ал Демократиялык партиянын мүчөсү жана Ирак согушун күтүүсүздөн токтотуу керек деген пикириде.

Барак Обама 45 жашта, анын америкалык энеси Кениядан келген адамга күйөөгө чыгып, Барак төрөлгөндөн кийин ажырашып кеткен. Ал кийин индонезиялык студентке күйөөгө чыгып, Жакартага барып жашаган жана Барак мектепте Индонезияда окуган. Андан соң мекенине кайтып келип, университетти АКШда бүтүргөн.

Кийин бизнесте иштеп, андан кийин Чикаго университетинде сабак берген, 1996-жылы болсо Иллинойс штатынын мыйзам чыгаруу жыйынына депутат болуп шайланган. 2000-жылы Конгресске талапкер болуп көрсөтүлгөн, бирок шайлоодон өткөн эмес, 2004-жылы болсо Сенатка Иллинойс штатынан шайланды. Ошол эле жылы өткөн Демократиялык партиянын курултайында сөз менен чыгып сүйлөп, элге кеңири таанылган.

Сенаттын 100 мүчөсүнүн ичинде Барак Обама жалгыз кара адам жана эгер шайланса, АКШнын тарыхындагы биринчи кара президент болот.

Демократиялык партиянын атынан президенттикке талапкер болуу үчүн сенатор Хиллари Клинтон дагы күрөшүүдө жана январдын аягында өткөрүлгөн сурамжылоо көрсөткөндөй, Клинтонго азырынча суралгандардын 43, алы эми Обамага 15 гана пайыз адам колдоо көрсөтүүдө. Андан тышкары айрым эксперттер - АКШ президенти болуп көптөгөн жылдардан бери сенаторлор же конгрессмендер эмес, губернаторлор шайланып жатканын эске салууда.

Анткен менен Барак Обама өз шайлоо өнөктүгүн кызуу баштады жана президенттик үчүн күрөшөөрүн ишемби күнү Иллинойс штатынын Спрингфилд шаарына атайын келип жарыялады: "Мен силердин алдыңарда бүгүн - Америка Кошмо Штаттарынын президенттигине өз талапкерлигимди жарыялоо үчүн турамын!" - деди Обама Спрингфилд шаарында чогулган эл алдында.

Дал ушул шаарда, Обама сүйлөгөн имаратта 1858-жылы Авраам Линкольн дагы сүйлөп, эки жаатка бөлүнгөн Америка Конгрессин бириктирүүгө аракет баштаган. Обама дагы өз шайлоо өнөктүгүн - азыр эки жаатка бөлүнгөн АКШ Конгрессин бириктириш керек деген ураан менен баштап жатат.

Барак Обаманын айтымында, Ирак согушун күтүүсүздөн токтотуш керек жана ал өлкөдө жүрүп жаткан ич-ара согушта америкалык жарандар курман болбош керек. Америка Кошмо Штаттары өзү дагы реформаланып, жаңы мезгилге жараша өзгөрүш керек, билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарына инвестицияларды көбөйтүш керек, АКШдагы кедейчилик жок кылынууга тийиш жана өлкөнүн чет мамлекеттик мунайга болгон көз карандысыздыгы жоюлуш керек. Андан тышкары, эл аралык терроризмге каршы күрөш улантылып, АКШнын мурдагы шериктери менен болгон байланыштар кайра калыбына келтирилиш керек.

XS
SM
MD
LG