Кыргызча үлгүдөгү фамилиялар Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин күчүнө кирген. Бүгүнкү күндө кыргыз улутундагы балдар-кыздар негизинен өз атасынын атына “уулу, кызы” деп кошумча жазылган фамилия алып жүрүшкөнү белгилүү. Бирок кээ бир байкоочулардын айтуусунда акыркы убактарда мындай үлгүдөгү фамилиядан баш тартып, кайрадан чоң атасынын атына –ов, -ев, -ова, -ева мүчөлөрү кошулуп жазылган орусча үлгүдөгү фамилия алууну каалагандар көбөйгөн. Бул өзгөчө түштүк тарапта көп байкалууда дешет алар. Ушул тапта кээ бир ата-энелер мектеп жашындагы балдарынын да аты-жөнүн орусча үлгүдөгү фамилияга өткөрүүнүн аракетин көрүп жатышат.
Карасуу районунун Жоош айыл өкмөтүнүн тургуну Айчүрөк Касымова өзүнүн алтынчы жана онунчу класстагы уулдарынын фамилиясын которууга аракет кылып жүрөт. Анын айтуусунда балдары жетилип, паспорт алган соң, баары бир Орусияга иштегени кетишмекчи:
-Бир уулумду атасынын фамилиясына жаздырып, Касымов деп каттаталы деп атабыз. Экинчиси өзүнүн чоң атасынын атына Сариев деп жазылмакчы. Мындай кылып эмитен өзгөртүп койбосок, 16 жашка чыккандан кийин фамилия алмаштыруу татаалдашып кетет экен.
Айчүрөк Касымова бир нече жылдан бери Орусияда иштеп жүргөн уулу жакында ал жактын жарандыгын алгандыгын, бул үчүн анын да фамилиясын кайрадан өзгөртүүгө туура келгендигин кошумчалады.
Каныбек уулу Тынчтыкбек болсо 8-класста окуйт. Аны менен чогуу окуган балдардын айрымдары ушул тапта –ов, -ев мүчөлөрү уланган орусча үлгүдөгү фамилияга өтүп жатышыптыр. Тынчтыкбек да атасынын фамилиясына өтүүнү кааларын билдирди:
-Биздин класста Таалай уулу дегендерден экөө, Ырыс уулу дегендерден да экөө бар. Мугалимдер кээде аларды “Ырыс уулу Т”, “Ырыс уулу А” деп атаган учурлар болот. Минтип айтканга караганда –ев, -ов менен аяктаган фамилия чакырганга да ыңгайлуу. Мен дагы Каныбек уулу деген аты-жөнүмдү өзгөртүп, Карыбеков Тынчтыкбек болууну каалайт элем,-дейт 8-класстын окуучусу Тынчтыкбек Каныбек уулу.
Кыргызстандын Башмыйзамында аты-жөнүн өзгөртүүгө тыюу салынбайт. Адилет министри Марат Кайыповдун айтуусунда бул ар бир адамдын жарандык укугу:
-Ар бир жарандын өз эрки. Орусиянын жарандыгын алуу үчүн сөзсүз эле фамилияны орусча үлгүгө өткөрүүнүн зарылдыгы жок. Өзгөртпөй деле башка мамлекеттин жарандыгын алса болот. Бирок биздин элде орусча үлгүдөгү фамилияга өзгөртсө жеңилирээк болот деген түшүнүк бар экен. Биз жарандарга ат-жөнүн каалагандай өзгөртүүсүнө мүмкүндүк берип жатабыз.
Маалыматтык технологиялар жана ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришкендей, кыргызча үлгүдөгү аты-жөнүн орусча типтеги фамилияга өткөрүү үчүн жарандар паспортун, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн, аскер билетин жана фамилиясын өзгөртүү тууралуу өтүнүч арызын өздөрү катталган паспорт столго өткөрүүгө тийиш. Ал эми жашы жете элек балдар үчүн ата-энелеринин паспорттору, нике күбөлүгү жана алардын арызы зарыл болот.