Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 22:22

5-КАНАЛ ИШИН БАШТАДЫ


12-февралдан баштап Чүй жана Ош облустарынын тургундары жаңы 5-телеканалдын көрсөтүүлөрүн көрө баштады.

5-Каналдын башкы директору Оксана Малеванная “Азаттыкка” билдиргендей, “Бешинчи канал” эртең мененки саат алтыдан түнкү экиге чейин көрсөтөт. Канал маалымат берүү форматында болгондуктан, жаңылыктар топтому күнүгө 9 ирет чыгып турат. Аталган каналда негизинен өлкөгө таанымал тажрыйбасы бар 40-50дөй журналист иш алып барат.

Жеке менчик 5-каналдын маалымат кызматынын башкы редактору Алмас Турдумаматовдун айтымында толук өздөрүнүн маалымат топтомдору менен чыгып, эл аралык Рейтер маалымат агентигинин кабарларын, жаңылыктарын алып, жарыялоо боюнча расмий келишим да түзүлгөн.

Учурунда НТС телеканалы уюшулганда “Пирамида” телерадиокомпаниясында иштеген журналисттердин жоон тобу ушул каналга кетип, анын таанылышына салым кошсо, эми жаңы гана тушоосу кесилген 5-каналга Кыргыз мамлекеттик телерадио компаниясынын, КООРТ, НТС жана “Пирамида” телерадио компанияларынын кызматкерлери ишке орношту. Алардын катарында кыргыз журтчулугуна таанымал алып баруучулар Нуржамал Бурханова, Алтынбек Камчиев, Наталья Волкова, Нурлан Жоодатов жана башкалар бар.

Кыргыз мамлекеттик телерадиокомпаниясынын башкы директору Кыяс Молдокасымовдун пикиринде өлкөдөгү менчик телерадиоканалдар Орусия же Өзбекстандын маалымат каражаттарына учкашып, эриш-аркак чыгып келсе, 5- канал өз көрсөтүүлөрү менен маалымат айдыңына келди. “Мындай жеке менчик маалымат булактарынын көп болушу демократиянын шарапаты” дейт Кыяс Молдокасымов.

Жаңы уюшулган 5-каналдын ээлери айтылуу Борис Березовский, латвиялык бизнесчи Белоконь жана президенттин уулу Максим Бакиев деген кабар айрым маалымат каражаттарына чыгып, учурунда элдин бүйүрүн кызыткан.

Бирок 5-каналдын маалымат кызматынын башкы редактору Алмас Турдумаматов бул имиштерди төгүнгө чыгарып, четке какты.

Ошондой болсо да Бишкектин айрым турундары 5-каналды бийликтин таламын талашып, камчысын чаба турган телекомпания болоорун алдын ала жоромолдоп жатышат. Алардын бири Болот Айдаров да ушундай пикирде экенин “Азаттыкка” билдирди.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG