Өткөн жуманын аягында оппозициячыл “Ата Мекен” партиясы Баткен шаарында азыркы саясат тууралуу коомчулуктун пикирин билүү жана партиянын максат маңыздарын түшүндүрүүгө багытталган иш аракеттерди уюштурмак болушкан. Бирок бийликти жактаган партиялардын жана жергиликтүү бийлик даярдаган кишилердин, коомчулук менен жолугушуу учурунда одоно түрдө бут тосуулары болду, дейт “Ата Мекен” партиясынын Баткен облусу боюнча координатору Ташболот Балтабаев:
- Бүгүн Кыргызстандын тагдыры, өнүгүү багыты кылдын учунда турганда элдин пикирин билели деген максат менен биз Баткен облусуна келип калдык. Жыйынтыгында эл чогулган жерде бүгүнкү бийлик партиялардын өкүлдөрү, бийлик даярдаган кишилер ачыктан-ачык эле келип, одоно түрдө биздин конструктивдүү пикир алмашуу максатыбызды бузганга аракеттерди жасап, кордоо, өзүнүн адепсиздигин көрсөтүп атат. Менимче өздөрү эле уят болду окшойт.
Партиянын Баткен облусу боюнча бөлүмүнүн башчысы Хаитали Айкынов күч органдары тарабынан тынбай аңдууга алынып, эл менен жолугушууну клубда өткөрүүгө жергиликтүү бийликтегилер уруксат бербей коюшканын, ага кошумча жергиликтүү радио жайгашкан кварталга электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учураганын билдирди:
- Биздин баскан-турганыбызды аңдып, барып сүйлөшкөн жерлерге орган кызматкерлери сурамжылап, артыбыздан маалымат чогултуп жүргөн учурлар болду. Жолугушууну жергиликтүү клубда өткөрөлү деп макулдашылганда түрдүү себептерди айтып, ал жерде өткөрбөөгө тоскоолдук кылышты. Радиодо түз эфирге чакырып жарыя кылганыбызда, ага да бир күн калганда радио жайгашкан подстанцияны иштетпей коюп, өткөрбөй коюуга толук тоскоолдук жасашты.
Убагында Баткенде «Жаңы Кыргызстан» саясий партиясын облустук жана райондук уюмдарын уюштуруп жана жетектеп келген, учурда оппозциячыл «Ата Мекен» партиясына өткөн Бакир Имаров бийликти колдогон «Жаңы Кыргызстан» партиясы коррупцияга кириптер болуп кеткен дейт:
- «Жаңы Кыргызстан» деген саясий партияны беш жылдан бери райондук, облустук уюмдарын түзүп жетектеп келгем. Бүгүнкү күндө бул партиядан өтө ичиркенип, көңүлүм калып чыгып отурам. Анткени бул партиянын лидерлери көз көрүнөө, мисалы 2005-жылы Бакиевге жолугушууга киресиң деп чакырып алып кызмат үчүн акча сурашты. Булардан мен жийиркенбей, ичиркенбей эмне кылам. Биздин лидерлер көз көрүнө менден акча талап кылгандан кийин элдин терисин сыйрып алышына менин көзүм жетип турат, - деди Бакир Имаров.
Бул тууралуу «Жаңы Кыргызстан» партиясынын Баткен райондук уюмунун төрагасы Тыныбек Сеитов оппозициядагы партиянын бийликке асылып, бирөөнүн намысына шек келтиргенине каршы. Ал эми «Жаңы Кыргызстан» партиясын элдик бийликтин партиясы деп санайт.