Бүгүн парламентте премьер-министр Азим Исабеков 2006-жылы макроэкономикалык көрсөткүчтөр турукташтырууга жетишип, бюджетке 1 млрд 800 млн. сом кошумча киреше киргенин белгиледи. Ал ошондой эле Кумтөр боюнча өзүнүн көз карашын билдирип, ишкананын жетекчисине кат жазганын, Центерра компаниясы менен Эльдорадо компаниясын кошуу сунушун токтотконун айтты. Өкмөт башчы эртең 14-февралда өкмөттөн вице-премьер-министр баш болгон каржы, юстиция министрлеринен турган комиссия Кумтөр маселеси боюнча сүйлөшүүлөргө барарын, ага депуттардан да кошулууну сунуштады. (AJ)