Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:17

ООГАНСТАНДЫН УКУК СИСТЕМАСЫН РЕФОРМАЛОО ҮЧҮН ЕВРОБИРИМДИК 600 МЛН ЕВРО БӨЛҮП БЕРЕТ


Нарын АЙЫП, Прага 12-февралда Брюссел шаарында Европа Биримдигине кирген 27 мамлекеттин тышкы иштер министрлери Ооганстандагы абалды талкуулап, Еврокомиссия кабыл алган чечимди жактырды. Ал чечим боюнча өлкөнүн укук системасын реформалоо үчүн 600 миллион евро бөлүнөт.

Жыйында министрлер - Еврокомиссия кабыл алган чечимди жактырып, аны бекитти. Ал чечим боюнча, Ооганстандын полициясын машыктыруу үчүн өлкөгө үстүбүздөгү жылдын жазында 150-200 адамдан турган атайын адистер тобу жиберилет. Андай аракет көрүүнү Европа Биримдигинен НАТО уюму сураган. Еврокомиссия - Ооганстандын сот системасын реформалоо үчүн 2007-2010-жылдарда 600 миллион евро бөлүп берүү тууралуу чечим кабыл алган жана полицияны машыктыруу үчүн ал акчанын 40 пайызы жумшалат.

12-февралдагы жыйын аяктагандан кийин Европа Биримдигинин тышкы саясаты жана коопсуздук маселелери боюнча бийик өкүлү Хавьер Солана журналисттерге билдиргенге караганда, адистер тобу жалаң гана борбор калаа Кабул шаарында эмес, өлкөнүн бардык 19 провинциясында иштейт. Анын айтымында, Ооганстандагы абалды аскерий аракеттер менен гана оңдоо мүмкүн эмес, ошондуктан өлкөнүн полициясы менен сот системасын оңдоп, Ооганстандагы абал үчүн ооган жетекчилиги өзү жооптуу боло ала турган абал түзүү керек.

2002-жылдан бери Европа Биримдиги ооган полициясын колдоого 135 миллион евро бөлгөн, ал акча негизинен аларга айлык төлөп, полицияны машыктыруу аракеттерине жумшалган. Бардыгы болуп болсо Биримдик тарабынан Ооганстанга көрсөтүлгөн жардам 2 миллиард 600 миллион еврого жетти.

Биримдиктин тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенита Ферреро-Валднердин айтымында, Ооганстандын укук системасы башынан аягына чейин реформаланууга муктаж: "Укук системасынын бардык үч тармагы - Жогорку сот, Башкы прокуратура жана Укук министрлиги өтө ыкчам реформаланууга тийиш. Менин түшүнүгүмдө, бул системада иштегендер акыркы мезгилге чейин жакшылыктуу билим алып, машыктырылган эмес, адистерди тандоо жолу ачык болбогон, анда тартип менен жоопкерчилик жок жана ошондуктан ага элдик ишеним дагы аз", - дейт комиссар.

Европа Биримдиги түзүп жаткан программа ооган жетекчилиги менен дагы талкууланды. Биримдикке кирген өлкөлөрдүн министрлери ал планды 12-февралда бекитти, бирок ага чейин бир нече ири талкуу болгон. Мисал үчүн, 28-январда Берлин шаарында Биримдиктин азыркы, мурдагы жана келерки төрага-мамлекеттеринин өкүлдөрү менен Ооганстандын тышкы иштер министри катышкан жыйын болгон. Анын алдында, 26-январда маселени Биримдиктин аткаруу бийлиги болуп эсептелген Еврокомиссия талкуулап, чечим кабыл алган.

XS
SM
MD
LG