Бул тууралуу АКШнын президенти Жорж Буш өлкөнүн C-SPAN сыналгысына берген интервьюсунда билдирди жана Иран өкмөтүн өзөктүк бомба даярдап жатат деп айыптады. Расмий Тегеран бул айыптоолорду четке какты. 12-февралда Иран президенти Махмуд Ахмадинежад эгерде АКШ кол сала турган болсо, Иран жооп кайтарууга даяр деп айткан эле.
Кошмо Штаттары Иранга аскерий кол салууга даярданууда деген кептерди саясий атаандаштар чыгарып жатат