Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:03

АБДЫКАДЫР СУЛТАНБАЕВ: «КЫРГЫЗ РУХУНДАГЫ» ОКУЯ ПРОВОКАЦИЯ БОЛУШУ МҮМКҮН


Кыргызстандын журналисттер союзунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаев «Кыргыз руху» гезитиндеги компьютерлердин өрттөнүп кеткен окуясы боюнча «Азаттык менен ой-пикир алышты.

- “Кыргыз руху” гезитиндеги соңку окуялардан кабарыңыз бардыр. Компьютерлер жайгашкан кеңсеси өрттөлгөн экен. Маалымат каражаттарына байланыштуу ушул сындуу, же буга окшош окуялар мурдагы бийликтин тушунда, азыркы бийликтин учурунда дагы маал-маал менен орун алып келүүдө. Сиздин пикириңизде бул кокустукпу, же атайлап жасалганга көбүрөк окшошпу?

- Албетте, “Кыргыз руху” гезитинин редакциясында болгон окуя өтө жагымсыз деп эсептейбиз. Мындай окуялар мурда да болуп келген. Эсиңиздерде болсо керек, мурда “Агым” гезитинин редакциясына да ушундай коркутуп-үркүтүүлөр болгон. Эми мына “Кыргыз руху” гезитинин айлана-тегерегинде кайталанып жаткандыгы өтө өкүнүчтүү. Атайын тергөө органдары жакшылап иликтеп, бул окуянын төркүнүн ачып берсе абдан жакшы болор эле. Эгер окуя ачылбай жабык бойдон калса ар кандай сөздөрдүн чыгышына түрткү боло бермекчи. Кандай болгон күндө да басма сөз эркиндигине жасалган мамиле катары карасак болчудай.

- Эсибизде, “Пирамида” телеканалынын объектилери былтыркы жылдын ичинде ар кандай мүнөздөгү кол салууларга тушугуп жатты. Ноябрдагы митингдер учурунда Жалалабатта “Сентябрь” деп аталган телеканал да ушундай көрүнүштөргө кабылган. Бирок аларды ким жасаганы белгисиз бойдон калды. Эми ошол көрүнүш “Кыргыз руху” гезит редакциясында кайталанып отурат. Өрттүн себеби, кандай болгон учурда да ушул сыяктуу фактылар эл аралык коомчулукта кыргыз бийлигине аброй алып келбейт. Оппозициялык маанайдагы гезиттин кеңсеси өрттөлгөн деген факт сөз эркиндигин, маалымат каражаттарынын абалына байкоо салган уюмдардын отчетунда катталат. Саясий кызматта турган бийлик өкүлдөрү да ушул фактылар боюнча ак, же көк деген көз карашын билдирип коюш керекпи?

- Ал туура. Ошон үчүн менин айтып атканым ошол. Ар кандай сөздөрдүн чыгышына себеп болбош үчүн официалдуу бийлик да өз позициясын билдирип койсо эң туура болор эле. Бирок бул окуянын аныгына жетпей туруп бир тарапты айыпташ да туура эмес болчудай. Бийлик тарабынан жасалды деп айтуу да абдан кыйын. Ар кандай провокациялар да болушу мүмкүн. Ошондуктан официалдуу бийлик бул окуяларга жакынкы күндөрдө сөзсүз өзүнүн оюн билдирет го деп.

- Журналисттер союзу кошунунун төрагасы катары кандай баалайсыз, азыр бул басылмалардын сөз эркиндигинин абалдында эч кандай деле өзгөрүүлөр, тоскоолдуктар мурдагыдан күчтүү эмеспи, же катуурак өзгөрүп баратабы?

- Бийлик менен басма сөздүн ортосунда ар кандай проблема болгон жана боло берет. Кайсы мамлекет болбосун бул маселе сыдыргыга салгандай эч качан болгон да эмес, болбойт дагы. Бирок азыркы бийликтин басма сөзгө ачык кысымы байкалбайт. Азыркы официалдуу бийлик жарыя кылып атпайбы, басма сөз эркиндиги, журналисттердин укугун коргоо ушул маселелердин бардыгы сакталат, биз ар тараптуу жактоочусубуз дейт. Мен деле аралашып көрүп билип жүрөм, ачык кысымдарды байкаган деле жокмун. Ошондуктан, мен ойлоп атам “Кыргыз рухунун” тегерегинде болгон окуяны ар кандай провокация катары карасак болот болуш керек деп.

- Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Улан Эшматов, Прага
XS
SM
MD
LG