Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:57

В.ПУТИНДИН КЕБИ ЖАҢЫ «КАНСЫЗ СОГУШ» ТУУРАЛУУ СӨЗДҮ КОЗГОДУ


Төрөкул Дооров, Москва Орусиянын президенти Владимир Путин өткөн жуманын этегинде Мюнхенде өткөн конференцияда Батышты, анын ичинде Кошмо Штаттарын, кескин сынга алган болчу. Путиндин сөзү дүйнөлүк басма сөздө жана серепчилер арасында «кансыз согуш» тууралуу кепти козгой баштады.

«Орусия менен Батыш жаңы «кансыз согуш» алдында». Комсомольская правда гезитинде орус президентинин Мюнхендеги кебин талдоого алган макала ушинтип аталды. Анын авторлору «Президенттин айткандары жаңы тарыхтын өнүгүшүн өзгөртүп жибериши мүмкүн» дешет.

Орус президенти Владимир Путин Мюнхендеги кебинде АКШга каршы катуу сын айткан эле.

- Бир мамлекеттин укуктарынын айрым нормалары же алардын баары (биринчи кезекте АКШнын укуктары) дээрлик баардык алкактарда: экономикада да, саясатта да, гуманитардык тармактарда да өзүнүн улуттук чек-арасын алда качан эле ашып, эми башка мамлекеттерге таңууланып жатат. Бул кимге жакмак эле? Эларалык иштерде көп маселелерди ушул мезгилдеги саясий кырдаалга негизделген саясий максатка ылайыктуулук менен чечүү аракети байкалып жатат. Албетте, бул өтө опурталдуу жагдай. Акыр аягында, мунун баары эч ким өзүн коопсуздукта сезбей калышына алып келет. Анткени эч ким эларалык мыйзамдардын күчүнө толук ишене албай калат, - деген эле орус президенти В.Путин.

Путиндин каардуу кеби дагы көпкө уланган. Ушундан уламбы, дүйшөмбүдө «Независимая газета» бул окуя жөнүндө жазып, Путиндин кебин Черчиллдин сөзүнө теңеди (1946-жылы Фултон шаарында сүйлөгөн У.Черчиллдин айткандары тарыхта «кансыз согуштун» башталышына алып келген).

Макаланын автору Юлия Петровская жазгандай: «Орусия менен АКШ мындан ары бири-бирин стратегиялык өнөктөш деп тааныбай тургандыктарын билдиришти». Буга себеп катары журналист орус президентинин Мюнхендеги сөзүн жана соңку күндөрү америкалык расмий адамдардан айтылган пикирлерди келтирди. Болгондо да, «кансыз согуш» тууралуу кептин ырбап кетишине америкалык Коргоо министри Роберт Гейтс себепкер деп билет гезит. Анткени өткөн жумада Гейтс Конгрессте сүйлөп жатып, АКШга азыр терроризмге каршы күрөштөн сырткары, өзөктүк куралдуу болууга далалаттанган Түндүк Корея менен Иран, ошондой эле өздөрүнүн позицияларын так билдирбей жаткан Орусия жана Кытайдын айынан жаралган кыйынчылыктарды да чечкенге туура келип жатканын айткан.

Жаңы «кансыз согуш» жөнүндө, мындан сырткары, «Коммерсант», «Время новостей» басылмалары да жазып чыгышты.

«Коммерсанттын» кабарчысы Андрей Колесников минтип жазды: «Владимир Путин АКШ менен НАТОго сын айта баштаганда өтө каарданып кеткендиктен, азыр Путинге Хрущевдин «ботинкеси» эле жетпей турат деп ойлойдум», - дейт кабарчы.

Учурунда ЦК КПССтин генералдык секретары Никита Хрущев Улуттар уюмунда сүйлөп, жини келип кеткенде колуна бут кийимин ала коюп, трибунаны такылдата баштаган эле. Хрущевдин белгилүү бут кийими тууралуу кепти орусиялык өкмөттүк басылма «Российская газета» улантат: «Орус президенти Мюнхенде ботинкеси менен трибунаны каккан жок. Ал өзүнө ишенимдүү туруп, адамдарга ой-жүгүртүш үчүн фактыларды келтирди» деп мактайт.

Маселеге кайрылган «Время новостей» Путиндин сөзүн, чынында, өзүнөн кийин Орусияны башкарчу адамга «айтаар кеби» деп атагандай болду.

Мына ушундай эле ой башка басылмаларда да айтылып жүрөт. Путиндин Батышка карата ачык сын көз-карашын айрым басылмалар азыр тизесине туруп келаткан Орусиянын дүйнөдөгү орду күчөй баштаганынан кабар берген окуя катары баалашууда.
XS
SM
MD
LG