Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:33

ТАНДЕМ АЯГЫ – САЯСАТТЫН ЭКИ ЖЭЭГИ


14-февралда Феликс Кулов эми оппозицияга өтө турганын айтып, саясий билдирүү жасады. Мурдагы өкмөт башчы саясий күчтөрдү топтоп, коррупцияланган үй-бүлөлүк башкаруу системасына каршы күрөшө тургандыгын билдирди. Азыркы бийлик Куловдун пикири боюнча, криминалдашып баратат. Мамлекетти экиге бөлүү саясаты дагы бийликтен сызылып чыгып жатат.

Феликс Кулов чогулгандар алдында саясий билдирүүсүн гана окуду. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берген жок, болгону маалымдоо каражаттары үчүн кенен жыйынды он күндөн соң өткөрө тургандыгын маалымдады. Экс-премьердин айтымында, президент К.Бакиев менен тандемге ылайык шерттешкен убадалар куру сөз эмес эле. «Сени Бакиев ыңгайы келген биринчи учурда эле талаага таштайт» деген кептерди көп укканын, бирок аларга көңүл бурбоого аракет кылып келгенин билдирди Ф.Кулов: (1:32)

- Бирок мен бул жөнүндө ойлонбошко аракет кылчумун. Жалаң ушул сөзгө кармалып отурганды туура көрчү эмесмин. Качан артыңан келип сокку урат деп кылчактап иштөө мүмкүн эмес. Андай болорун билип турсаң деле жалаң ошону ойлонуп отуруш кыйын. Дегинкиси мен үчүн жигиттик сөз, эркектик намыс деген түшүнүктөр саясий күрөштөгү тактикалык жүрүшкө эсептелген жөн нерселер эмес.

Ф.Куловдун ырасташынча, 2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийинки саясий мунаса – тандем жагдайга ылайык туура жасалган кадам болчу, аны жалпы эл да ошондой кабыл алган. Эл саясатчылар деле сүрдымагын сыртка таштап бириге ала тургандыгына ынанып калышкан. Бирок да «сөзүнө тура албаган, саясий кызыкчылык үчүн өнөктөшүн сатып кетүүгө даяр кишиден кутулганыма биралдын сүйүндүм», деп билдирди Ф.Кулов. Саясий мунасанын жыйынтыгынан чыккан сырды эл алдына жарыя кылуунун себеп-жөнүн мурдагы өкмөт башчы мындайча түшүндүрдү. (3:17)

- К.Бакиевге добуш берип жатып менин шайлоочуларым тандемди колдошкон. Жолугушууларда мына ушул сөз такай айтылчу. Шайлоочуларым менден чоң үмүт кылышкан. Тилекке каршы, мен аны толугу менен аткара албадым. Мен башкаруунун жарамсыз системасы оожалып баратканын, баарын өзүнө каратып алган система жаралып жатканын көрдүм. Албетте, колдон келишинче ага каршы турдум. Бирок да жашырын, күчтүү каршылыкка кабылып, дайым эле аным ишке ашкан жок. Өкмөттүн чечими деле жараган жок.

Аткаруу бийлигинин алы келбей калган проблема катары Ф.Кулов арааны ачылып бараткан коррупцияны, өзгөчө телекоммуникация менен энергетика тармагындагы алдым-жуттумдукту көрсөттү. Мурдагы өкмөт башчы Кыргызстандын тышкы карыз жүгүн жеңилдетчү HIPC программасына каршы болгонун, бирок да К.Бакиевдин карыз акчаны кечсе «Африканын жараны болууга деле кайыл» экенин уккан соң позициясын өзгөрткөнүн ачыкка чыгарды.

«Саясат менен алектенбесең, саясат сени менен менен алектенет», деп билдирди Ф.Кулов. (7:30)

- Бир ууч адамдар бирөөлөрдүн, анын ичинде мамлекеттин мүлкүн тартып алышууда. Адамдарды жер-жерлерге бөлүү айрыкча саясий элитанын деңгээлинде апачык көрүнүп калды. Биртоп телеканалдар бир үй-бүлөгө жакын адамдардын колуна тийди.

Ф.Кулов саясий күчтөрдүн башын бириктирип, оппозицияга өтөрүн ырастады, анын аракетин жактыргандардын жетекчиси болушка даяр экенин айтты.

Ошентип, талдоочулардын пикиринде, эки жылга жетпей тандем тамам болуп, бири бийликте экинчиси анын айныксыз каршылашы болуп чыга келди. Президент К.Бакиев болсо Ф.Куловду парламент кызматтан кетирди деп эсептейт, азыр деле каалаган кызматын берүүгө даяр экенин өткөндө Бишкектин чекесиндеги Жал районуна барганда айткан. (2:59)

- Анын парламент менен мамилеси жакшы болгон жок,- дейт.

«Легендарлуу парламенттин» спикери Медеткан Шеримкулов тандемдин талкаланышы өлкөдөгү саясий кырдаалды курчутат, бирок андан чочулабаш керек деген пикирде. (0:13)

Ф.Кулов 2000-жылкы презитденттик шайлоо алдында «Атамекен» социалисттик партиянын жетекчиси Ө.Текебаев менен тандем түзүп, атаандаштыкка чыгууну көздөгөн.

XS
SM
MD
LG