Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:51

ФЕЛИКС КУЛОВДУН ОППОЗИЦИЯГА ӨТҮШҮ КЫРДААЛДЫ КУРЧУТАБЫ?


Экс-премьер-министр, «Ар намыс» партиясынын негиздөөчүсү Феликс Куловдун оппозицияга өтө тургандыгын жарыя кылышы саясий чөйрөдө ар кыл пикирлерге, көз караштарга жем таштады. Кыргызстанда таасирдүү саясатчылардын катарында саналган Куловдун акыркы билдирүүсүн колдогондор да, сынга алгандар да көп болууда.

Феликс Кулов мындан аркы саясий ишмердүүлүгүнүн багытын жарыялоо аркылуу оппозициянын дымагын арттырып койду. «Азаттыктын» суроолоруна жооп берген кыйла байкоочулар ушундай көз карашын айтышты. Алардын бири, Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Мукар Чолпонбаев мындай дейт:

- Феликс Шаршенбаевич оппозицияны толук уюштуруп, оппозицияны баштап кете албаса дагы, оппозицияга күчтүү кошумча болду. Анткени, бул киши бийликти, тандемди коргойм деп отуруп, оппозицияга өтө көп зыяндарды алып келген.

Мунун чындыгын оппозиция лидерлери өздөрү да тандырган жери жок. «Реформа үчүн!» кыймылынын мүчөсү, жарандык лидер Чолпон Жакупова Куловдун оппозицияга келиши саясий активдүүлүктүн күчөшүн шарттайт дейт:

- Бүгүн айтылган ачык-айкындык жетишпей турган. Бардыгы бүт баарын жакшы түшүнүп туруп, жымсалданган, уятсыз жагдайдардын бардыгына бүгүн ачык, чынчыл чекит коюлду.

Феликс Куловдун чечими оппозицияны күчтөндүрөрү айныксыз экенин белгилеген саясат таануучулардын бири Нур Омаров:

- Феликс Куловдун келиши оппозиция менен бийлик ортосундагы мамиледеги олуттуу бурулушка алып барат. Оппозиция өз шарттарын бийликке сунуштаганга, бийликти өзгөрткөнгө жетишет.

Анын көз карашында таасирдүү саясатчынын оппозицияга өтүшү саясий кырдаалды курчутат. Бул пикирди колдогон президенттин алдындагы адам укугун коргоо комитетинин төрагасы Турсунбек Акундун жүйөсү талдоочудан айырмалуу. Кулов азыркы ич күптүсүн Бакиев менен теңата, тандемдеш саясатчы катары бийликте отурган кезинде айтыш керек болчу, мындайга бара албай Кулов тандемдин да, саясаттын да шарттарын бузуп, ыплас кадамга барды:

- Келечекте жарандык кагылышууга, түндүк-түштүккө бөлө турганга алып келе турган билдирүү бул. Экинчиден, Парламенттен өтпөй калгандан кийин оппозициянын башына турам дегидей ал ким? Аны ким өкүл кылды ага? Оппозиция шайлап алды беле аны?

Оппозиция өкүлдөрү болсо Куловду лидер кылуу маселесин кыйгап өтүп, көңүл сыртында калтырып турушат. Саясат таануучу Муратбек Иманалиев бул оңой маселе эмес экенин:

- Азыркы оппозиция бу киши лидер катары кабыл алабы-албайбы? Бул чоң маселе, -деп белгиледи ал.

«Реформа үчүн!» кыймылына кирген «Атамекен» социалисттик партиясынын лидерлеринин бири Эркинбек Алымбеков;

- Биз бүгүнкү билдирүүдөн Америка ачкан жокпуз. Бирок, булардын мындан аркы стратегия, тактикасы кандай болот, ошого жараша биз кандай кызматташарыбызды чечебиз.

«Реформа үчүн!» кыймылына мүчө жарандык лидер Эдил Байсалов Феликс Кулов билдирүүсүн аракети менен бышыкталмайынча оппозициянын ишенимине, колдоосуна ээ болоруна дегеле ишенбейт:

- Бир фактылар, документтер, кылмыш кодексиндеги беренелер менен баланча-баланча адам он жылга же жети жылга кесилиш керек деген өңдүү сөздү Феликс Кулов айтыш керек. Ошондо биз ишенебиз.

Эдил Байсалов Феликс Кулов 2000-жылы да оппозицияны бириктире тургандыгын жарыялап, бирок, анысынан майнап чыкпай калган дейт. Анткен менен саясат таануучулар президенттик шайлоого баруу дымагы бар Феликс Кулов үчүн азыркы шартта бийликке караганда, оппозиция менен кызматташуу ыңгайлуу дешет. Саясат таануучу Нур Омаров Феликс Кулов бийлик менен кызматташууга эми барбайт дейт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG