Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:41

ООГАНСТАНДАН СОВЕТТИК АСКЕРЛЕРДИН КЕТКЕНИНЕ 18 ЖЫЛ ТОЛДУ


Бүгүн советтик аскерлердин Ооганстандан чыгып кеткенине он сегиз жыл болду. Ушул тапта Ооган согушунун Кыргызстанда жети миңге чукул ардагери бар. Аларга мамлекет тарабынан түрдүү социалдык жардамдар жана жеңилдиктер каралган. Айрым байкоочулар он жылга созулуп, бир нече миңдеген жоокерлердин өмүрүн алып кеткен Ооган согушунун максатсыз болгондугун айтышат.

Ош шаарындагы №30 орто мектепке бул мектептин мурдагы окуучусу, Ооган согушунда баатырдык менен курман болгон Абдурайым Алиевдин ысмы берилгенине да бүгүн он сегиз жыл толду. Мектептеги тарых мугалими Кеңешбек Казакбаевдин айтуусунда 15-февраль Абдурайым Алиевдин туулган күнү да болуп эсептелет, эгер ал тирүү болгондо 45 жашка чыкмак:

-Абдурайым Алиев да ошол Ооган согушуна катышып, 1983-жылы июль айында окко учкан. Өлгөндөн кийин ага мурдагы СССР Жогорку Советинин президиуму “Кызыл Жылдыз” орденин ыйгарган.

Абдурайым Алиевдин атасы Жаңыбай Алиевдин айтуусунда алар бүгүнкү күндө Ооган согушунда уулун жоготкон ата-эне катары бир топ жеңилдиктер менен бирге ай сайын 200 сомдон жөлөк пул алышат:

-Электр жарыгы үчүн жарым акысын төлөйбүз, кыш келерде көмүргө деп өкмөт 900 сом берди. Кемпирим экөөбүзгө ай сайын 200 сомдон кошумча пособие берилет. Мындан тышкары Ош шаардык мэриясы үч айда бир жолу миң сомдон берет. Болгон жеңилдик-колдоо ушул.

Жеңилдик демекчи, кыргыз өкмөтүнүн токтомуна ылайык, Ооган согушунун катышуучуларынын укугу 1941-45-жылдары болгон Ата мекендик согуштун ардагерлеринин укугуна теңделген. Ушул тапта мамлекет тарабынан ооган согушунун катышуучуларына жана майыптарына бир топ жеңилдиктер жана жөлөк пулдар берилет.

Ооганчы-ардагерлер биримдигинин жетекчиси Абдыгул Чотбаевдин айтымында ооганчылар байланыш, электр энергиясы жана башка коммуналдык кызмат үчүн төлөнүүчү төлөмдөрдүн 50% төлөшөт. Ал эми шаар ичинде муниципалдык транспортто акысыз жүрө алышат:

-Жылына бир жолу КМШ өлкөлөрүнүн ичине учак же поезд менен акысыз барып келе алышат. Ошондой эле жыл сайын бир жолу бекер курорттук-санаториялык дарыланууга укуктуу.

Абдыгул Чотбаевдин айтуусунда мурдагы совет мамлекеттеринин ичинен ооган согушунун катышуучуларына каралган жеңилдиктер Кыргызстанда гана сакталып калган.

Статистикалык маалыматтар боюнча он жылга чейин созулган Ооган согушуна Кыргызстандагы аскер комиссариатынан жиберилген уландардын саны 7141. Мындан тышкары башка республикалардын аймагында окуп, иштеп жүрүп, аскерге кеткен жоокерлерди кошкондо жалпысы 7500 ге барат. Алардын ичинен 259 кайра мекенине кайтпай калган. Ооган согушуна катышкан кыргыз улутундагы 102 жоокерге мурдагы СССР Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен түрдүү сыйлыктар ыйгарылган.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG