Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:49

ЖОРЖ БУШ: АКШ-ОРУСИЯ МАМИЛЕЛЕРИ ТАТААЛ МАСЕЛЕ


Быйыл алгачкы ирет пресс конференция өткөргөн АКШ президенти Жорж Буш Багдаддагы коопсуздукту бекемдөө аракеттери, Ирактагы кырдаалга Иран чагым салып жатат деген шектенүүлөргө, Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча жаңы макулдашууга токтолду. Буш андан сырткары АКШ-Орусия алакаларындагы айрым чыңалууларга да көңүл бура кетти.

Вашингтондо өткөн маалымат жыйынында президент Буш АКШ менен Ирак аскерлеринин Багдадда бейкуттук орнотуу аракеттерине козголоңчулар келечекте да бут тосоорун белгилей кетти.

- Багдаддын коопсуздугу боюнча операция убакыт талап кылат, андыктан ал жерде дагы кол салуулар болот. Телеканалдардан көрүнүп тургандай, террористтер эл толгон базарларды жардыра баштады. Булар бейкүнөө адамдарды, аялдар менен балдарды өлтүргөндөн кайра тартпайт, алар биздин Ирак өкмөтүн күчтөндүрүү аракетибизди жокко чыгаргысы келет.

Буш андан аркы сөзүндө Америка аскерлери Ирактан чыгарылса, кырдаал азыркыдан да жаман болот деп кыйыта кетти. Кошмо Штаттар президентинин бул билдирүүсү Конгресстин Өкүлдөр палатасы Иракка кошумча 21 миң 500 аскерди жөнөтүү сунушуна каршы резолюцияны талкуулап жаткан маалга туш келди. Конгрессмендер бул резолюцияны жактырган күндө да ал аткарылууга милдеттендирчү документ эмес. Президент Буш Конгресстин эки палатасын тең көзөмөлдөгөн оппозициячыл демократтарды ар кандай сунушту сындагандан мурун ал кандай натыйжа берээрин күтө турууга чакырды.

- Өкүлдөр палатасы биздин Ирак боюнча жаңы планыбызга каршы резолюцияга добуш бергени турат. Алар кандай натыйжа болоорун билбей туруп эле соттомокчу.

АКШ президенти бул ирет Ирандын Исламдык революциячыл гвардиясынын атайын бөлүгү Иракка курал-жарак жөнөтүп жатат деп күнөөлөдү. Ал бирок Аль-Код бөлүгүнүн бул аракеттери артында Иран өкмөтү турат деп айтуудан кармана кетти.

- Мен Иран өкмөтүнө караштуу Аль-Код күчтөрү Ирактагы биздин аскерлерди жабырлантып жаткан жардыргыч заттар менен камсыздап жатканын ишеничтүү айта алам. Бирок Аль-Коддун аскерлерине андай буйрукту Иран өкмөтү берген-бербегенин айта албайм.

Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад дүйшөмбүдө Тегеран Ирактагы согушкерлерге курал-жарак жеткирүүдө деген айыптоолорду четке каккан. АКШ президенти Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча ушул аптада Бэйжинде жетишилген макулдашууну баа жеткис документ деп мактады.

Орусиянын президенти Владимир Путин жакында Мюнхенде өткөн конференцияда АКШнын саясатын катуу сынга алгандан кийин Вашингтон-Москва мамилелери начарлай түштүбү деген суроого Буш ортодо кыйынчылыктар бар деп жооп берди.

- Бул татаал мамилелер. Ортодо далай түшүнбөстүктөр бар, бирок ошол эле учурда айрым маселелер боюнча, айталы, Ирандын өзөктүк программасы жаатында жалпы пикир таап иштесек болот, - деп комментарийледи АКШ-Орусия алакаларын президент Буш.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG