Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:59

АКШнын КОНГРЕССИ ИРАККА АСКЕР ЖИБЕРҮҮГӨ КАРШЫ БОЛУУДА


АКШ Конгрессиинин өкүлдөр палатасынын шайлоодон кийин башталган алгачкы дебаты президент Жорж Буштун Иракка кошумча аскер жиберүү сунушуна каршы резолюция кабыл алуу маселесине арналды. Маселе жума күнкү жыйында колго салынат.

Конгресстин өкүлдөр палатасы бул маселени үч күн бою талкуулап, жума күнү колго салат. Палатанын төрайымы, демократ - конгрессмен Нанси Пелози палатанын жаңы жетекчилиги Ирак саясатына катуурак кийлигишкиси келип жатканын белгилеп, мындай деди:

-из мындан ары президент Буштун толтурулбаган чектерине кол койгубуз келбейт. Биздин салык төлөөчүлөрүбүздүн долларлары биздин аскерлерди коргоого, ветерандарга берген убадабызды аткарууга жана Америка элинин коопсуздугун камсыз кылууга жумшалууга тийиш,- деди Нанси Пелози дебаттарды баштап жатып.

10- январда президент Буш Ирактагы абалды турукташтыруу үчүн кошумча дагы 20 миң солдат жиберүүнү чечкен. Бул чечимге демократ оппозициячылар гана эмес, Буштун республикачыл партиядагы айрым тарапкерлери да каршы экенин билдиришкен.

Бирок, Конгрессте Буштун бул чечимине каршы резолюция Буштун чечимин өзгөртө албайт,ошон үчүн аны символикалык мааниге ээ гана ишара катары кабыл алуу абзел.

Бирок ошону менен бирге эле байкоочулар андай резолюциянын кабыл алынышы Конгрессте эми азчылыкты түзүп калган республикачыларга урулган сокку боло турганын божомолдошот.

Иракка кошумча аскер жиберүү менен Буш Багдаддагы жана ал-Анбар чөлкөмүндөгү кол салуулардын мизин кайтарып, көтөрүлүшчүлөрдү тынчытууга үмүттөнөт. Буштун жаңы стратегиясын колдогондордун бири, өкүлдөр палатасынын республикачыл лидери Джон Байнер 13-февраль күнү буларды айтты:

-из азыр Ирактан чыгып кетип, өлкөнү баш аламандыкта калтырсак душмандарыбыз бизди жайыбызга койот деп жатасыңарбы? Дүйнө лидерлери терроризмге ансыз да узак убакыт бою токтоолук менен мамиле кылып келди. Бирок 11-сентябрдан кийин мындай позицияны тутуу мүмкүн болбой калды-деди Байнер.

Өткөн жумада сенаттагы республикачылар президенттин Иракка кошумча аскер жиберүү чечими боюнча сунуш кылынган резолюцияны колго салдырбай коюшкан. Бул маселе демократтардын демилгеси менен сенатта кайрадан талкууга алынмакчы.


Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG