Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:46

ЕВРОШАРКЕТ БОРБОР АЗИЯ БОЮНЧА СТРАТЕГИЯСЫН ИШТЕП ЧЫКТЫ


13-февралда Еврошракеттин жетекилиги март айынын соңунда уюмдун Борбор Азия боюнча алгачкы стратегиясын жарыялай турганын билдирди. Бул билдирүү Казакстан жана Кыргызстан өкүлдөрү менен Брүсселде өткөн сүйлөшүүдөн кийин кийин жасалды.

Еврошаркеттин Борбор Азия боюнча стратегиясы март айында Казакстандын баш калаасы Астанада Борбор Азия өлкөлөрү менен Еврошаркеттин биргелешкен жыйында жарыяланат жана регион бийликтеринин жообунан кийин блоктун июнь айында өтө турган саммитинин кароосуна коюлат.

Еврошаркетке төрагалык кылып жаткан Германиянын өкүлү Гернот Ерлердин айтымында, жаңы стратегиянын иштелип чыгышына региондун барган сайын чоңойуп бараткан роль менен түшүндүрдү.

-Биз бул стратегияны иштеп чыгууда Борбор Азиянын коопсуздук жаатындагы ролунун барган сайын чоңоюп баратканын, бул регион менен кызматташуунун Еврошракет үчүн ачылып жаткан перспективаларын жана албетте демократияны жана өнүгүүнү колдогон принциптерибиз чөлкөмдөгү туруктуулакка салым кошо алаарын эске алдык ,- деди Ерлер.

Ерлердин айтымында Германия Борбор Азияда таасирге ээ болууга далаалаттанган АКШ, Япония, Кытай жана Россия менен тең тайлашып атаандашкысы жок. Биз тек гана бул региондун өкмөттөрү менен алакалашууда ачык- айкындуулукту каалайбыз деди Ерлер.

Германиялык өкүл өз сөзүндө ошондой эле уюмдун, айрыкча Германиянын Казакстан жана Кыргызстан менен мамилелерине кеңири токтолду. Казакстандын айыл чарба министри Ахмеджан Йесимов менен өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Германиялык министр Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмуна 2009-жылы төрагалык кылууга талаптанып жаткан Казакстандын бул мүдөөсүн Еврошаркеттин көпчүлүк өлкөлөрү колдоорун, Казакстандын төрагалык кылуусу ОБСЕнин бул жана андан сырткаркы чөлкөмдөрдөгү таасирин бекемдээрин айтты. Ошону менен бирге эле Ерлердин айтымында, Казакстан ан үчүн шайлоо мыйзамына, саясий партиялар жана бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүсү керек.

Кыргыстандын вице-премьер- министри Данияр Үсөнов менен жолугушкан соң сүйлөгөн сөзүндө Ерлер Кыргызстандын региондогу ролюна кеңири токтолуп, өлкөдөгү мамлекеттик реформалардын жүрүшүнө кеңири баа берди.

-Биздин ишенимибизде Кыргызстан Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу өзгөчө ролго ээ. Кыргызстанда жандуу жарандык коом бар, анын ичинде аялдар активдүү роль ойнойт ,-деди Ерлер.

Ошону менен бирге эле Германиялык министр Кыргызстан конституциялык реформаларды ыкчамдатып, адам укуктарын коргоо, мыйзам бийлигин орнотууда, оппозицияга адилеттүү мамиле кылууга карай чечкиндүү чара көрүүсү керек, деп билдирди. Кыргызстандын алдында коррупция менен уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү сыяктуу маанилүү маселелер турат, деди Ерлер.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG