Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:18

КУБАТБЕК БАЙБОЛОВ: “КҮЙГӨНҮМ УШУЛ, КЫЗМАТТАН КЕТКЕНДЕН КИЙИН ЭЛЕ КӨЗДӨРҮ АЧЫЛА ТҮШӨТ”


Чолпон Орозобекова , Бишкек Феликс Куловдун кечээги саясий билдирүүсү коомчулукта ар кандай кабыл алынууда. Айрым саясатчылар анын бул үн катышы менен саясий кырдаал жанданып, оппозиция күчтөнөт деп болжолдошууда. Бирок анын кызматтан кеткенден кийин ачык сүйлөп чыккандыгы үчүн сынга алгандар да бар.

Президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев кечээ дароо билдирүү жасады. Анда Курманбек Бакиев тандемдин шартын эч качан бузган эмес жана Феликс Куловдун талапкерлигин эки ирет сунуштагандыгы аны менен иштешүү ниетин ачык көрсөтүп турат деп айтылат. Президенттин басма сөз катчысы Феликс Кулов кырдаалды өз алдынча кабыл алган, ал анын укугу деп билдирет.

Феликс Куловдун кечээги билдирүүсүн оппозициячыл күчтөр да ар кандай кабыл алышты. Демократиялык күчтөр биримдиги партиясынын лидери Кубатбек Байболов болсо кызматтан кеткенден кийин көзү ачылгандыгы өкүнүчтүү дейт:

- Анын өлкөдөгү терс көрүнүштөргө, коррупцияга каршы күрөшөм дегени канааттандырарлык ой пайда кылат. Бирок менин бир эле күйгөнүм ушул, бизде Кыргызстанда саясатчылардын көзү кызматтан кеткенден кийин гана ачылат да. Бирок эми кандай болгон күндө бүгүнкү күндө оппозициячыл күчтөр мурун чүйрүшүп отургудай шайы жок, биригип иштегенге кез келди,- дейт Кубатбек Байболов.

“Асаба” партиясынын теңтөраймы Роза Отунбаева болсо Куловдун бул билдирүүсү менен оппозиция күчтөнөт деген пикирин билдирди:

- Мына эми баары башталат. Феликс Куловдун бул билдирүүсү жымжырттыкты, тең салмактуулукту бузду. Маятник эми термеле баштайт. Менимче, Феликс Кулов бизге өз программасын, платформасын көрсөтүшү керек. Биригип кандай конкреттүү иштерди жасамакчы ошону айтканы оң го деп ойлойм.

Феликс Кулов болсо бардык күчтөрдүн башын бириктирем деп убада кылды. Бирок көпчүлүк саясатчылар Кулов ириде кандай конкреттүү кадамдарга барат, оппозицияны ынандыра алабы, элди ээрчите алабы кеп ошондо деп жатышат.

XS
SM
MD
LG