Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:46

МЕДЕТКАН ШЕРИМКУЛОВ: «КУЛОВДУН ТЕГЕРЕГИНЕ БҮТ ОППОЗИЦИЯ БИРИГЕТ ДЕГЕН ОЙ ТУУРА ЭМЕС»


Кыргыз парламентинин мурдагы төрагасы Медеткан Шеримкулов Феликс Куловдун 14-февралдагы билдирүүсү боюнча өзүнүн ой-пикирин «Азаттык» менен бөлүштү.

- Ошентип Феликс Кулов бийликке оппозицияга өткөнүн экинчи ирет жарыялап отурат. Куловдун кечээги билдирүүсү сыртынан сыр билгизпесе да азыркы бийликти дүрбөлөңгө салып жатат деп айтууга болобу, же чочулоого эч негиз жокпу сиздин көз карашта?

- Жок, бул законченемдүү эле нерсе. Себеби, Кулов өзүнүн мүнөзү боюнча дагы, өзүнүн башынан өткөрүп келаткан өмүрү боюнча алганда да көп мезгилден бери эле оппозицияда жүрүп келатпайбы. Азыр Бакиевдин убагында эле оппозицияга чыгам деген ою жок да. Бул Акаевдин убагында деле оппозиция болуп, бир нече жыл түрмөдө деле жатып келбедиби. Эми премьер-министрликтен кеткенден кийин эле Кулов тынчып, карьерасы бүттү деп отуруп калат деп ойлош туура эмес болчу.

- Кулов оппозицияны бириктирүү ниети бар экенин айтты, бирок оппозиция өкүлдөрү андай биригүүнүн шарттарын али талкуулайбыз деп жатышат. Эгер чын эле оппозиция күчтөнсө бийликке таасир көргөзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болобу, бул эмнеге алып барышы мүмкүн? Эгер логикага таянсак оппозиция бийликке кандайдыр бир талаптар менен чыгыш керек. Ал талаптар мисалы кайра эле Конституциялык реформа, же мөөнөтсүз шайлоо болушу мүмкүнбү сиздин көз карашта?

- Оппозиция болгону болуп келе берет. Бирок оппозиция эч убакта бириккен оппозиция болбойт да. Канчалык оппозициянын бөлүктөрү биригип, чоң топту түзүп, чоң таасирдүү күчкө жете турган убакыттар болгон күндө дагы оппозиция өзү бары бир бөлүнүүдө болот. Ошондуктан Куловдун “мен мына оппозицияга өтүп, жалаң эле “Ар Намыс” партиясы эмес, мени колдоп, менин тегерегиме чогула турган оппозициялык күчтөрдү бириктирем” деген оюна көпчүлүк оппозиционерлер ич тардык кылып атат. «Жок, биз ага бирикпейбиз” деген сөз болуп атпайбы. Оппозицияга Кулов өткөндөн кийин анын тегерегине бүт оппозиция биригет деген ой туура эмес. Ага барбайт. Себеби, оппозиционерлердин ичинде өзүн Куловдон кем көрбөгөн инсандар да бар. Көп жылдардан бери оппозицияда жүрүп профессионал болуп калгандар бар. Алардын бардыгы Куловду туу көтөрүп, Куловдун туу алдына биригебиз деп барышпайт. Бирок, Куловдун оппозицияга келгени бул негизинен жалпы оппозициялык күчтөрдү мындан ары да күчтөндүрдү деген жыйынтык чыгарсак болот.

- Кулов кечээги билдирүүсүндө бийлик менен саясаттын криминалдашуусу, өзгөчө саясий элитанын деңгээлинде элди аймактык белги боюнча жикке бөлүү, жетекчиликтин багытына макул эмес адамдарды куугунтуктоо башталгандыгы сыяктуу терс көрүнүштөрдү атады? Ошондой чын эле коомдо азыр орун алып жатабы?

- Регионализм жөнүндө, бийлик менен криминалдын биригип бараткандыгы жөнүндө сөз көп эле айтылып жатпайбы. Аны Кулов оюнан чыгарып, же жаңы ачылыш катары айтты деген туура эмес. Былтыр өзүңүздөр билесиздер, Американын Конгрессинин, мамдепартаменттин атынан дагы криминалитет бийликке умтулуп баратат деген билдирүүлөр болуп кеткен. Кыргызстанда бир жылдын ичинде бир криминалдын мүчөсү кетсе эле криминалитет жок болуп калды деген туура эмес. Бул жерде Кулов эч бир жаңылык ачкан жок. Ал чындыкты айтып жатат.

Регионализмдин күчөп баратканы да туура. Бирок Кулов республикада президенттен кийинки экинчи бийлик адамы болуп жүрүп эмне иш жасай алды, маселе ошондо турат. Өзү иштеп турганда кандай иш жүргүзүлдү, кандай жетишкендиктерге жетти криминалды жок кылуу боюнча, регионализмди жок кылуу боюнча? Өзү жок дегенде көрүнүктүү элге жеткендей салым кошо алдыбы, албадыбы? Буга Кулов жооп берет. Оппозиция аны да эртели-кеч сурайт.

- Бөлүшкөн ойлоруңузга ырахмат.

XS
SM
MD
LG