Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:05

АЛМАЗ АТАМБАЕВ: МЕН ФЕЛИКС КУЛОВГО ИШЕНБЕЙ ТУРАМ


Мурда кабарлангандай, экс-премьер министр, «Ар Намыс» саясий партиясынын негиздөөчүсү Феликс Кулов президент Курманбек Бакиевдин саясатын кескин сынга алып, өлкөдөгү чачыраган күчтөрдү бириктирүүгө даяр экенин билдирди. Мындай билдирүүгө ишенбөөчүлүк менен караган саясатчылардын бири, Куловдун эзелки өнөктөшү, Социал-демократтар партиясынын лидери, «Реформа үчүн!» кыймылынын теңтөрагасы Алмаз Атамбаев болду. Саясатчыга кабарчыбыз Бурулкан Турдубек кызы бир катар суроолор менен кайрылды.

- Экс-премьер министр, «Арнамыс» партиясынын лидери Феликс Кулов билдирүү жасаган жерге биз байкагандан сиз барган жоксуз. Сиздин пикириңизди билели деп атабыз, Куловдун президент Бакиевдин саясатына каршы чыккан кечээки билдирүүсүн кандай баалап жатасыз?

- Кыргызда бир жакшы сөз бар «Жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап» деген. Премьер-министр кезинде ушунун баарын Бакиевдин өзүнө айтса, көзмө-көзбү, сөзмө-сөзбү, парламентте же микрофондонбу, башкачараак болмок. Таасири да болмок. Ошонун баарын токтото турган күчү да бар болчу колунда. Өзгөчө мына ноябрдагы митингдерден кийин бүт бийликти премьердин колуна алып бергенбиз, райакимдерге чейин. Бул, бир. Экинчиден, бир нерсеге түшүнбөй атам да, ушундай эле бийлик жаман болсо (араң эле чыдап жүрдүм деп атпайбы), араң эле чыдап жүрсө, анда эмне үчүн премьер болуп калып калам деп мынчалык жанталашты. Ошону түшүнбөй атам, эки жолу көрсөтүлүп, үчүнчү жолу суранып.

- Эми болору болду, билдирүү жасалды. Куловдун ошол билдирүүсү канчалык деңгээлде чынчыл деп ойлойсуз?

- Мен чынында ишенбей турам. Эми айтылган сөз жакшынакай. Аякта айтылган сөздү, реформа кылууну мынакей биздин партия эки жылдан бери айтып атабыз. Көзмө-көз президентке да айтып атабыз, Куловго да айтканбыз. Ал баягы эле баарыбыз билген сөз. Бирок, эмне максат менен айтылып атканын ким билет. Анчалык эле реформа керек болсо, үй-бүлөлүк башкарууга бөгөт коем десе, мына биз ноябрда татынакай Конституцияны алып бердик эле. Бүт үй-бүлөлүк башкаруу токтоп калат эле да, ал иштеп кетсе. Аны өзү Кулов декабрда отставкага кетимиш болуп жайлабадыбы. Ишениш кыйын болуп турат. Мен ишенбей турам.

- «Реформа үчүн!» кыймылы Куловдун билдирүүсүн кабылдап, кандайдыр бир союз түзүлүшү мүмкүнбү? Бул өңүттө өнөктөштөрүңөр кеңешип-кептешип көрдүңөрбү?

- Биз деле реформа кыймылына ар кайсы партиядан бириккенбиз да, реформа жасайлы деп… Бул турмушта, саясатта бардык нерсе болушу мүмкүн.

- Куловдун акыркы билдирүүсү коомдук-саясий турмушка, саясий кырдаалга кандай таасир этиши мүмкүн?

- Саясий кырдаал бир аз курчуй түштү деп ойлоп турам. Бийлик деле ойлонушу керек. Бийликте кайра-кайра эле чоң катачылык кетип атат. Бир философтун сөзү бар: «Политика с позиции силы – это война» деген сөзү бар. Акыркы айларда бийлик жалаң эле күч колдонмойго өтпөдүбү. Провокация кылып, иш козгоп, каматып, каматабыз деп, муну токтотпосо жакшылыкка алып барбайт. Башкача кетиш керек. Акылдуу саясатчы душманды кантип жок кылат? Душманды дос кылат.

- Алмаз мырза, Феликс Куловго байланыштуу сиздердин саясий өнөктөштөрүңүздөрдө бири-бирине карама-каршы келген ар кыл көз караштар болуп атат. Ушундан улам мындай суроо туулуп атат: аздыр-көптүр калыптанып калган оппозицияга Феликс Куловдун келиши анын бөлүнүп-жарылышына алып келбейби?

- Тескерисинче, оппозициялык күчтөрдү ого бетер күчөтөт. Феликс Кулов деле оңой киши эмес, ачыгын айтканда. Бул жерде мени да бир тобу түшүнбөй атпайбы, оппозицияга ким келсе дагы колдош керек, мактап, кыйкырып чыгыш керек деп. Кээ бир биздин оппозициячылар «кимге каршы достошобуз?» деген принцип менен биригип атышат. Андан башка дагы ким менен биригебиз деген да принцип болушу керек. Ким келатат? Кандай максат менен келатат? Ушунун баарын караш керек. Анткени, бийликти шыбап, аны алмаштыруу оппозициянын жалгыз максаты болбош керек. Мисалы, менин жеке максатым – Кыргызстанда реформанын жүрүшү. Ал эми реформаны Бакиев жүргүзөбү, Кулов жүргүзөбү, Текебаев жүргүзөбү, мага мисалы баары бир. Негизги максат реформа жүрүп кетиши керек. Максат бийлик талашта болбош керек.

- Сиздин өзгөчө пикириңиз кээ бир саясатчыларда Атамбаев келечектеги шайлоодо өзүнө атаандаш келген кишиге кызганыч менен карап жатат деген пикирди жаратышы мүмкүн. Ушуга окшош пикирлер эл оозунда көп эле айтылып жүрөт. Сиздин онунчу жылы президенттик шайлоого баруу ниетиңиз барбы?

- Эми буга мындай жооп берейин. Кудайга ишенген адаммын. Мухамбет пайгамбардын ар бир күндү акыркы күндөй жашагын деген сөзү бар. Ошондуктан, онунчу жылга чейин аман-эсен жетиш керек да. Мен ага чейин жеткен жокмун. Өткөн жылы жазында, күзүндө биздин партиянын чыгып аткан бир эле максаты – реформа жүрүп кетсин, үй-бүлөлүк башкаруу жоголсун деген эле. Эми азбы-көппү жылыштар бар. Албетте, ноябрда чоң жеңиш болгон. Мен ойлоп атам, акырын-акырындан ушундай жеңиштерге жетебиз. Эркекче чындыгын айтканда Бакиев деле компромисске барбадыбы ноябрда. Бакиев компромисске барып, парламенттик республика боюнча жаңы Конституцияга кол коюп берген, укуктарынын баарын өткөрүп берип. Декабрды ошол эле Кулов ойлоп чыкпадыбы.

- Ушундай ар башка көз караштарды эске алганда оппозиция менен Феликс Куловдун тил табыша алат деп айтууга болобу?

- Мен эми аны менен жаман-жакшы айтышпайм. Турмушта ар нерсе болот. Ошол эле Бакиевдин айланасындагылар турганда ага душмандын кереги жок. Мисалы, ошол эле ноябрдагы Конституцияга кол койгондо Бакиевге ырахмат дедик.

- Бул жерде Кулов өз билдирүүлөрүн иши менен далилдеш керек деген бүтүм болуп атат да азырынча силерде?

- Албетте, мен андай сөздүн далайын уккамын. Адам деген сөзүн иши менен далилдеп бериши керек. Кээ бир жоро-жолдоштор да эмне болуп атасың деп атышат. Мен айтып атам: мен ушундай адаммын. Ойлогон оюмду ачык айтам. Бийлик болобу-оппозиция болобу түз жүргүм келет. Түз сөзүмдү түз айтамын.

- Анда Алмаз мырза, берген жоопторуңуз үчүн ырахмат.

- Рахмат сиздерге да.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG