Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:56

АКШ ИРАК КАЧКЫНДАРЫНА КӨП БАШКАЛКА БЕРЕТ


Кошмо Штаттары Ирак качкындарына көбүрөөк башкалка берүүнү чечти. Ушул максатта быйыл сентябрга чейин жети миңдей адам атайын аңгеме-сынамыктан өтүшөт. Вашингтон администрациясынын бул планын Улуттар Уюмунун качкындар мекемеси кубаттады жана дүйнө өкмөттөрүн АКШнын демилгесин колдоп, 60 миллион доллар каражат топтоого чакырды.

Улуттар Уюмунун качкындар боюнча башкы комиссары Антонио Гутеррес америкалыктардын планын “туура багыттагы абдан жакшы кадам” деп атады. Ошол эле учурда ал Иракты таштап кетип жаткандардын саны күн сайын өсүп жатканын белгилеп, бу жагынан дагы көп иштерди жасоо зарылдыгын көрсөттү.

Качкындар комиссариатынын эсептерине ылайык, Иракта согуш башталгандан бери бериси – эки, арысы – 3,5 миллиондон ашуун адам сыртка жер которуп кетти. Өлкөдөн агылып кетип жаткандардын саны азыр ай сайын 50 миңден кемий элек.

Качкындар комиссариатынын өкүлү Ван Гендерен Сторт АКШнын жети миң качкынга башкалка бергиси келгенин конкреттүү сунуш катары баалады. Мындан тышкары ал жалпы эле ирак качкындарына коңшу-колоңдордон, дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн конолго таап берүү максатына АКШ он сегиз миллион доллар жардампул бөлгөнүн да маанилүү иш деп атады.

Комиссариат дүйнө өкмөттөрү бул демилгеге кошулуп, 60 миллион доллар каражат топтойт деп үмүт кылат. Мынча акча деле океандагы бир тамчыга татыган иш болуп калат, дейт Сторт айым.

Бир эле Сирияда ушу кезде Ирактан качып барган 700 миң адам бар, Иорданияда башмаанектеп жаткан ирактыктардын саны да ушуга чамаалаш. Бул эки өлкө акыркы кездерде ирак качкындарына чек кое баштады.

Сыртка кеткендерден тышкары Ирактын ичинде башка аймактарга көчүп-конуп, жер оодарып жаткандардын агымы да кирген суудай күч алды. Эл аралык миграция уюмунун өкүлү Жан Филипп Шове келтирген маалыматтарга ылайык, былтыркы жылы ички мигранттар 370 миңден ашты. Ал эми акыркы үч аптада эле кооп-козголоңдон качып, баш корголор жер издегендер 18 миңге жетти. Дегинкисинде Ирактын бу жагынан акыркы он жылдыктагы узун тарыхы бар – бу мезгил аралыгында ички обосолдор бир миллиондон ашкан, дейт Шове.

Обосолдордун экономикалык абалы күн сайын начарлап баратат. Иракта үжөрө акысы асмандап кетти, жаңы жерден жумуш таап, ишке орношуу андан бетер тозок. Андыктан жер которуу Иракта иш жүзүндө жакырлыкка баш байлоо дегенди билдирет.

XS
SM
MD
LG