Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:23

РАМЗАН КАДЫРОВ ЧЕЧЕНСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ


Орусиянын президенти Владимир Путин кечээ Чеченстандын президенти Алу Алхановду кызматынан бошотуп, анын ордуна Рамзан Кадыровду дайындады. Былтыр октябрда отузга толгон Рамзан Кадыров буга чейин Чеченстандын өкмөт башчысы кызматын аркалап келген.

Орус президентинин кечээги башка жардыгына ылайык, Алу Алханов Орусия Федерациясынын Адилет министринин орун басары болуп дайындалды. Кремлде болгон жолугушууда Путин Алхановдун президент убагындагы жетишкендиктерин белгилеп өттү:

"2004-жылдын август айынан бери, президент болуп кызмат аркалагандан бери Чеченстанда көп нерсе жакшы жака өзгөрдү. Бул, албетте, Чеченстан үчүн, жалпы Кавказ аймагы үчүн оор мезгил болду, бирок жетишкендиктер дагы аз эмес."

Алу Алханов бир нече күн мурдараак эле өзүнүн президенттик кызматтан кеткен жаткандыгы тууралуу айың кептерди төгүнгө чыгарып, Рамзан Кадыровду жымсалданган шекилде сынга алган.

Кадыровдун атасы Ахмат Кадыров (1951-2004) Чеченстандын Кремлдин өкүмүн тааныган бийлигинин президенти кызматын аркалап турган чагында чечен жикчилери уюштурган террордук жардыруунун айынан (2004-жылы 9-майда) набыт болгон.

Алхановдун отставкасынан кийин премьер-министр Рамзан Кадыров автоматтык түрдө президенттин милдетин аткаруучу болуп калды.

Эми Владимир Путин Чеченстандын парламенти тарабынан бекитиле турган адамдын атын аташы керек. Көптөгөн серепчилер Путин Рамзан Кадыровду сунуш кылат деп болжолдошууда.

Кадыров формалдуу түрдө гана президент болсо да, ал Чеченстанда эң ири фигура дейт серепчи Лиз Фюллер:

"Ал президент болсо да, премьер-министр болсо дагы Чеченстанда таасири күчтүү адамдардын бири. Ал эбегейсиз чоң күчкө ээ. Кадыровго полиция жана коопсуздук күчтөрү көз каранды. Анын кол алдында он жети миң адам иштээри белгилүү,"- деди Лиз Фюллер.

Адам укугун коргоо уюмдары Кадыровду адам өлтүрүүгө жана уурдоого тиешеси бар деп айыптап келишет. Бирок Кремль Кадыровдун өкүмзор башкаруу системасына карабастан ал менен жакшы мамиледе.

XS
SM
MD
LG