- Биз Ооганстанга жөнөтүлө турган кошумча 3200 аскердин кызмат мөөнөтүн дагы 4 айга узарттык жана аларды алмаштыра турган аскерлердин саны жакынкы келечекте кеңейтилет. Ооганстанга багышталган күч-каражаттын баары президент Карзайдын душманды багындыруу аракетине жардам көргөзүүнү көздөйт.
Аскерлерди көбөйтүү планын Буш Ооганстанда былтыр козголоңчулардын кол салуулары күчөгөнү жана быйыл жазда жаңы чабуулдар болушу мүмкүн деген кабарлар менен түшүндүрдү. Ооганстанда буга чейин жетишилген ийгиликтер арбын, бирок аларды бекемдеш үчүн алдыдагы эки жыл ичинде ооган өкмөтүнө дагы 12 миллиард доллардай жардам көргөзүү планы Конгресске сунушталды, - деп билдирди президент Буш. Андан ары ал Ооганстандагы көп улуттуу коопсуздук күчтөрүн башкарып жаткан НАТОнун ролуна токтолду.
- НАТО ийгиликке жетиш үчүн өнөктөш өлкөлөр коопсуздук жаатындагы бардык муктаждыктарды убагында канааттандырып турушу керек. Башкача айтканда, ал жактагы командирлер кошумча күч керек деп суранса, НАТОго мүчө өлкөлөр ал талапты аткарууга тийиш.
НАТОнун Ооганстандагы аскер башчысы, АКШ генералы Бэнц Граддок жакында өткөн маалымат жыйынында ал жердеги эл аралык күчтөр жетишсиз экенин айткан. Генерал соңку кездери карааны күчөп бараткан талип согушкерлерине тийиштүү каршылык көрсөтүш үчүн дагы кеминде эки батальон аскер зарыл деп белгилеген.
5 жылдан бери ар кайсы коңулдан кол салып келаткан талип жоокерлери 2-февралдан бери Хелманд провинциясындагы Муса Кала деген шаарды басып алган бойдон ээлеп отурат. Андан анча алыс эмес Кажаки Дам деген жерде чоң ГЭСтин жанында эки жумадан бери куралдуу кагылышуулар уланууда. Кечээ Лондондо Ооганстандагы кырдаалга арналган жыйын өтүп, ага катышкан аскер жетекчилери убагында антитеррористтик коалицияга мүчө 37 өлкө жетиштүү аскер жана каражат бөлүштүргөндө, ошондой эле Пакистан Кабул менен коопсуздук жаатында ойдогудай кызматташса, талиптердин мизи эбак кайтарылмак деген ойго басым жасашты.