Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:51

16- ФЕВРАЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Бүткүлроссиялык биринчи калк саноонун жыйынтыгына ылайык Пишпек шаарында 6615 адам жашаган. Мындан туура 80 жыл мурун Фрунзе шаарындагы жумушчулардын Борбордук клубунда «Он жетичилердин иши» аталган сот иши уланды.

Бүткүлроссиялык биринчи калк саноонун жыйынтыгы 1897-жылдын бу күндөрү коомчулукка белгилүү болду. Статистикалык маалыматта көрсөтүлгөндөй Кыргызстан аймагында Пишпек, Пржевальск жана Ош шаарлары орун алган. Асыресе, Пишпектин уюшулуш жашы жана калкынын саны боюнча чакан шаар катарына кирген. Пишпек шаарында болгону 6615 адам жашап, алардын көпчүлүгү аскер, мамлекеттик кызматчылар, соодагер жана усталар болгон. Аз сандагы дыйкандар шаар сыртындагы чарбаларда эмгектенишип, шаардыктарды мөмө, жемиштер менен камсыздап турушкан.

Мындан туура 80 жыл мурун Фрунзе шаарындагы жумушчулардын Борбордук клубунда Кыргызстандын тарыхында болуп көрбөгөн сот иши уланды. «Он жетичилердин иши» аталган сотто, 1918-1925-жылдары кыргыз кембегалдарынын «Кошчу» союзун жетектеген Рахманкул Кудайкулов менен Пишпек шаарынын биринчи секретары Дүйшөнаалы Бабахановдордун иши каралды. Аларды сот жообуна тартууга ВКП (б) Борбордук комитетинин Политбюросу көрсөтмө берип, ал СССР тарыхында мамлекеттик-партиялык жогорку кызматчыларды сот жообуна тарткан биринчи окуя болуп калган. Кырк бир жаштагы Рахманкул Кудайкуловго
фашисттик "Ур токмок" уюмун уюштурду деп, Дүйшөнаалы Бабахановго кедейлерди мазактап, манаптарга жан тартат деген айып коюлган.

Кыргызстанда Совет бийлиги орногондон кийин калкты социалдык жактан камсыздоо иши акырындык менен жүзөгө ашырыла баштаган. Өлкө аймагында мындай объекттин бири 1928-жылдын 16-февралында Ысыккөлдө ачылган санаторий эсептелинет.

Кыргыз ССР Жогорку Советине шайлоо 1947-жылдын 16-февралында өткөрүлүп, партиялык маалымдоо каражаттары шайлоо болуп көрбөгөндөй саясий активдүүлүк жагдайда өттү деп белгилешти.

Бу күнү, 1497-жылы немец гуманисти Филипп Меланхтон, 1821-жылы немец тарыхчысы Генрих Барт, 1822-жылы англис психологу жана антрополог Фрэнсис Гальтон, 1893-жылы советтик маршал Михаил Тухачевский, 1909-жылы америкалык ресторатор, тез тамактандырчу «Макдональдс» ресторанын негиздеген Ричард Макдональд, 1941-жылы жазуучу жана белгилүү кинодраматург, кадимки «Бакайдын жайыты» кинофильминин сценарийин жазган Кадыркул Өмүркулов жарык дүйнөгө келген.


Муратбек Кожобеков, Бишкек
XS
SM
MD
LG