Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

ЭКИ ОКРУГДА ШАЙЛОО УЮШТУРУУГА КАМ КӨРҮЛӨ БАШТАДЫ


29-апрелде №40 Отуз адыр жана №57 Кемин шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болот. Буга байланышкан жардыкка президент Курманбек Бакиев 12-февралда кол койгон. Анын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн бул эки округда шайлоону уюштуруу маселесин карады.

Борбордук шайлоо комиссиясы бул отурумунда календардык планын бекитип, кетүүчү чыгымдардын болжолдуу эсебин тактады. БШКнын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Галия Алымбекованын билдиргенине караганда, депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 22-февралда башталмакчы:

- Округдук шайлоо комиссиясы түзүлүп жатат. 20-февралда жергиликтүү кеңештерде ачык сессиялар өтөт. Шайлоо дайындалган күндөн он күн өткөндөн кийин, 22-февралда Отуз адыр, Кемин округдук шайлоо комиссиялары бекитилет. Ошондой эле шайлоо дайындалгандан он күндөн кийин талапкердикке көрсөтүү укуктары көрсөтүлөт. Талапкер болууну каалагандар саясий партиялар аркылуу же өздөрүн өздөрү көрсөтүп, шайлоого ат салышса болот.
Шайлоо эки округда тең эки айлампада өтүшүн эсепке алган Борбор шайлооком шайлоо өткөрүүгө 2 миллион 654 миң 300 сом каражат сарпталарын болжоду. Борбор шайлоокомдун мүчөлөрү ириде шайлоонун тынч өтүшү үчүн азыртадан кам көрүү зарыл экендигин белгилеп жатышат. Мындай пикирин отурумдун жүрүшүндө БШК мүчөсү Жылдыз Жолдошева белгилеп кетти:

- Абал оор. Ошондуктан, биз, БШК мүчөлөрү да абалга жараша иш кылалы. Себеби Отузадыр Малабаевдин округу… Мага көп маалымат келип атат. Жергиликтүүлөр да чыгышы мүмкүн. Анан тытышып жатып калышат.

Жолдошева белгилеген № 50 Отузадыр шайлоо округунан Жогорку Кеңешке Мурат Малабаев шайланган. Бирок, ал парламенттин ишине катышпагандыгы үчүн сот аркылуу депутаттык мандатынан ажыратылган. Ушундай эле себеп менен мурдагы президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев да депутаттык мандатынан ажыратылган болчу.
Бул эки депутат март ыңкылабынан кийин Жогорку Кеңештин ишине бир да жолу катышкан эмес. Сессияга катышпагандыгын жеке коопсуздугу менен байланыштырган экс-президенттин уулу депутаттыктан четтетилишин саясий куугунтук катары баалаган.

Азимбек Бекназаров баш прокурор болуп турган кезде Айдар Акаевге беш кылмыш боюнча айып тагылып, издөө жарыяланган. Экс-президенттин уулу Айдар Акаев учурда Москвада, ал эми акаевдердин ишенимдүү адамы саналган Мурат Малабаев Швейцарияда жашап жаткандыгы тууралуу маалыматтар айтылып жүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү аталган эки округда ыктымал саясий чыңалууларды алдын алууга кызыкдар экенин билдирип жатышат. Галия Алымбекованын айтымында, маселенин бул өңүтүн БШК эске алат:

- Негизинде президенттин жардыгында бул маселе коомдук тартипти камсыздоо деп өкмөткө тапшырылган. Бирок, ага кошумча БШК токтомуна да ошол пункт кошулат.

Белгилеп койчу жагы, өткөн жылы Балыкчы жана Куршаб шайлоо округдарында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодогу талаш-тартыштар шайлоочулардын каршылашуусуна чейин өсүп жеткен. Балыкчы шайлоо округунда көп добуш алган катары саналган Рысбек Акматбаев белгисиз адам тарабынан атып өлтүрүлгөн. Учурда Отузадыр, Кемин шайлоо округдарынан тышкары Балыкчы шайлоо округунда депутаттык орун бош турат.


Cүрөттө: Кемин округундагы шайлоочулар Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевдин депутаттык мандатынан ажыратылганына каршылык билдирип, нааразылык акциясына чыгышкан болчу.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG