Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Адахан Мадумаров жолугушуу жыйынын ачып жатып, өнөр адамдарынын ал-акыбалын астейдил сураган мындай жыйын 16 жылдан бери өтпөгөндүгүн баса белгиледи. Бул пикирди чыгып сүйлөгөндөр да бекемдеп, Президентке ыраазычылык билдиришти.
Алгачкы болуп сөз алган Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов башка бир катар республикаларда кино тартуу үчүн сырттан келген инвесторлор үчүн салыктын 25 пайызы кыскартыларын эскертип, ошондой нерсе Кыргызстанга да зарылдыгын, болбосо кинонун өнүгүшү Кыргызстанда өтө кыйын болуп жаткандыгын эскертти. Ошондой эле Чыңгыз Айтматов Маданият министрлигине өзгөчө статус берилишин cуранды.
Маданият министри Султан Раев бүгүнкү күндө маданият жана көркөм өнөрдү өнүктүрүүнүн зарыл маселелерин атап көрсөттү.
Көрүнүктүү архитектор Аскар Исаев Бишкек шаарынын Эркиндик бульварына татыктуу инсандардын гана эстеликтерин куруу жагын сунуштады жана Курманжан датканын эстелигин курабыз деп үч эстеликти жоготушканын сындап өттү.
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын деректири Керим Турапов артисттер үчүн бир бөлмөлүү ижаралардан турган кабаттуу үй зарылдыгын айтса, Чүй облустук драма театрынын деректири Акылбек Абдыкалыков театрдын алигиче имараты жоктугун айтып безеленди.
Жыйын соңунда сөз алган Президент Курманбек Бакиев айткандардын баарысы туура экендигин эске алуу менен чыгармачыл адамдардын да заманбап чыгармаларды жазуусун талап кылды:
- Азыр чынында классикалык деңгээлде жазылган чыгармалар жокко эсеби дейм. Же элге жетпей жатабы чын эле. Тескерисинче, илгерки жамакчылыктын деңгээлиндеги акын сөрөйлөр аябай көбөйүп кеткендей.
Көйгөйлөрдү чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Президенти ушул күнү “2007-2010-жылдарда Кыргыз Республикасынын руханий маданиятын өнүктүрүү жөнүндөгү” буйругун чыгаргандыгын, буйрукка ылайык Кыргыз өкмөтү эки айлык мөөнөт ичинде улуттук программа долбоорун иштеп чыгуусу милдеттендирилгендигин жарыя кылышты.
Ушул салтанатта жазуучулар Сооронбай Жусуевге, Төлөгөн Касымбековго “Кыргыз эл баатыры” ардак наамы берилди жана ал Президент Бакиевдин өзү тарабынан тапшырылды.
Кожогелди Култегин, Бишкек