Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:22

ПУТИН CЕРГЕЙ ИВАНОВДУ ӨКМӨТ БАШЧЫНЫН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ КЫЛЫП ДАЙЫНДАДЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын премьер-министри Михаил Фрадков бүгүн, 16-февралдагы олтурумун өкүмөттүн жаңыланган курамы астында өткөрдү. Президент Владимир Путин алдыңкы күнү өкүмөттүк кадрларды алмаштыруу боюнча Жарлыкка кол койгон.

Ал Жарлыктын негизинде өкүмөт башчы мындан ары төрт орун басарлуу болуп калды, анын экөө - ага биринчи орун басар. Мурда коргонуу министри менен вице-премьердик кызматты бирге аткарып келе жаткан Сергей Иванов өкүмөт башчынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Буга дейре Федералдык салык кызматын жетектеп келген Анатолий Сердюков коргоо министрлигин жетектеп калды. Өкүмөткө биринчи орун басар болуп Сергей Нарышкин жаңыдан дайындалды. Ага тышкы экономикалык ишкердикти, баарыдан мурда КМШ өлкөлөрү менен болгон алаканы теске салуу милдети жүктөлдү.

Кечээ Владимимр Путин мамлекеттик сыналгыдан сүйлөгөн сөзүндө «Ивановдун жоопкерчилик чөйрөсү кеңейди», - деди. Мурдагы коргоо министри эми согуштук-өнөр жайы гана эмес жарандар секторунун экономикасын да теске салмак болуп атат.

Кремль ру сайты: «СССР бар кезде Министрлер Советинде да дайыма эки биринчи орун басар болгон – бири айыл чарбасына жооп берип, бири – коргонуу өнөр жайына жооп берүүчү», - деп азыркы кадр алмаштыруу туура болгонун белгилеген.

Бүгүн өкүмөт башчы Фрадков да жаңылануунун үзүрдүү экенин айтты: «Өкүмөттүн төрагасына биринчи орун басар болуп Сергей Ивановдун дайындалышы буга дейре айтылып келе жаткан максаттардын ишке ашышына өбөлгө түзөт», - деди.

«Бул кадам президенттин (Путиндин – ММ) Мюнхен жана Чукулку Чыгышта сүйлөгөн сөзү ишке аша башташын билдирип турат, - дейт Коомдук палатанын мүчөсү, айтылуу саясатчы Андраник Мигранян. - Мындай саясат, демек, Орусиянын кыйлалаган жылдарга кубаттуу оюнчусу болуп дүйнөлүк саясатка кайрадан кошулуп атышынан кабар берет.

Ал эми саясий изилдөө институтунун деректири Сергей Марковдун божомолунда орусиялык жетекчиликтин «Сергей Иванов менен Дмитрий Медведевди бирдей укукка теңеши – кийинки жылы өтө турган президентти шайлоого эки талапкерди даярдоосу».

Бирок бул, болгону, мурда жашырын кызматта жүрүп үйрөнгөн адатын карматып, Путиндин жалган аңырт таркатып элдин көнүлүн алагды кылуусу деген да пикир бар. Андай пикириди көзкарандысыз анализчи Владимир Прибыловский айтты:

«Бул - кезектеги Путиндик «мына, карагылачы!» – деп элдин көңүлүн алагды кылуу. Ошол эле учурда ал Ивановду да, Медведевди да эмес башка бирөөнү өзүнө мураскор кылып даярдап атат», - дейт.

XS
SM
MD
LG