Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:48

РАМЗАН КАДЫРОВДУН ЖОСУНСУЗ ЖОРУКТАРЫ


Россиянын президенти Владимир Путиндин жардыгы менен Чеченстандын президенти Алу Алханов кызматынан алынып, анын милдетин аткарууну өкмөт башчы Рамзан Кадыровго тапшырды. Мындан бир нече күн эле мурда Алу Алханов кызматынан кетүүгө азырынча ниеттүү эмес экенин жарыялаган эле. 15-февралда Алханов Россиянын юстиция министринин орун басары болуп дайындалды.

Алу Алхановдун кызматтан кетиши 2004-жылы май айында Грозныйдагы терактта курман болгон президент Ахмед Кадыровдун уулу Рамзан Кадыров экөөнүн атаандашуусуна чекит койду. Кадыров азыр президенттин милдетин аткаруучу катары жумуриятта эбегейсиз чоң бийликти колуна топтоду. Азарынча президент болуп ким дайындала турганы белгисиз, байкоочулар бул кызматка Рамзан Кадыров дайындалышы ыктымал дешет. Чеченстандын Конституциясы боюнча 30 жаштан ашкан адам гана президент боло алат.

Алу Алханов 2004-жылы Чеченстандын президенти болуп шайланган, бирок байкоочулар ошондо эле анын өткөөл башчы боло турганын, 30 жашка чыккан соң анын ордун Рамзан Кадыров баса тургандыгын божомолдошкон. Алханов шайлангандан бир ай өткөндөн кийин Кадыров өлкөнүн биринчи вице-премьер болуп, кийин премьерликке көтөрүлгөн.

Өткөн октябрда 30га толгон Кадыров үчүн эми Чеченстандын президенти болуу перспективасы ачылды.

Россиянын президенти Кадыров чечен согушкер топторун жойуп, жумурияттагы абалды турукташтырат деп үмүт артат. 2004-жылы орус президентинин буйругу менен Кадыровго Россиянын баатыры деген ысым да ыйгарылган. Анын бул ишарасы Кадыровго баш ийген жарым расмий аскердик топтор менен полициянын кылыгын билген укук коргоочуларды кыжырданткан болучу.

Кадыровго баш ийген жарым расмий аскерлер адамдарды уурдап кетип, кыйнап, айыл-кыштактардын тургундарынын жүрөк үшүн алгандыгы менен атагы чыккан, андай кылмыштардын кай бирлерине Кадыровдун өзү да катышкандыгы белгилүү.

Путин Кадыровду жеке менчик армиясынын жардамы өз билгенин кылып, жалпыга жек көрүндү болгон, психикалык мандеми бар адам катары эмес, Грозныйды жана туулуп өскөн шаарчасы Гудермести калыбына келтирүүдө ийгиликке жетишкен бышык адам катары кабылдайт.

Рамзан Кадыров Чеченстанда улуттук каада - салт менен моралдык асыл - нарктарга негизделген адеп-ахлак эрежерин орноткусу келет. Бирок сакалын өстүрүп, намазга жыгылган Кадыров жеке турмушунда кыздар менен жаан- шөкөт курганды, адамдарды кыйноо аркылуу ыракатка батканды өөн көрбөйт.

Кадыров буга чейин республиканын президенти болуу максатын көздөбөй турганын бир нече курдай кайталап келген, бирок анын буга чейин кылгандары республиканын башчысы болууга дымагы бар экенин айгинелейт. Алхановго тынымсыз бут тосуп келген Кадыров анын 50 жылдыгын белгилөө үчүн басылган плакаттарды жок кылдырган. Ошол эле маалда Кадыровдун 30га чыкканы чоң шаани менен белгиленгенин айта кетүү керек.

12- февралда федералдык агенттиктердин башчылары менен жыйында Алу Алханов Кадыровдун жоруктарын, анын тоталитардык башкаруу стилин, жеке адамга сыйынуучулукту уюштурганын сынга алып, мунун баары чечен элинин руханий менталитетине кайчы келет деп айткан. Анын бул сыны Путинге жакпай калдыбы, же Путин буга Кадыров былтыркыдай жооп кайтарат деп кооптондубу, айтор Алхановду кызматтан алып салды.

Былтыр Кадыров кол алдында иштеп, ага каршы баш көтөргөн Мавлоди Байсаровду Москванын көчөсүнөн аттырып, жок кылган болчу.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG