АКШ Конгрессинин эл өкүлдөр палатасы кечээ күнү Иракка кошумча аскер жиберип кереги жок деген резолюция кабыл алды. Палатанын спикери Нэнси Пелосинин айтымында, ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо азыркы Конгрессти шайлаган эл дагы ушундай пикирди колдогон: "Америка Кошмо Штаттарынын президентине мен ачык белги жибериш керекмин. Америка эли ноябрда - Иракта өзгөрүү керек деп айткан. Жана бүгүнкү резолюция ошол багытта негиз түзүп жатат", - деди спикер Пелоси добуш берилгенден кийин. Президент Жорж Буш болсо мурда - Иракка 21 жарым миң аскер жиберип, өлкөдөгү америкалык күчтөрдүн санын 150 миңге жеткирүүнү чечкен жана АКШнын куралдуу күчтөрүнүн башчысы катары Конгресстин резолюциясын аткарууга милдеттүү эмес. Анткен менен, Конгресс мүчөлөрүнүн пикиринде, президент өз чечимин эми өзгөртүшү да мүмкүн. Маселени бүгүн Сенат дагы карайт.