Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:30

ТАНДЕМ ТАРКАДЫ, КУЛОВ ОППОЗИЦИЯЛЫК КҮЧТӨРДҮ БАШТАП КЕТЕ АЛАБЫ?


Президент Курманбек Бакиевдин тандемдеши, «Ар-намыс» саясий партиясынын негиздөөчүсү Феликс Кулов оппозицияга кетти. Апта ортосунда жарыяланган мындай билдирүүсүн саясатчынын тилектештери да, атаандаштары да ар башка кабыл алып жатышат.

Феликс Кулов оппозициялык ишмердүүлүккө биротоло өтүү чечимин премьер министрлик кызматтан кеткенден кийин кабыл алды. Декабрда отставкага кеткен премьер министрди жаңы өкмөткө башчы кылуу тууралуу президенттин эки жолку сунушун парламент колдобой койду. Президенттин колдоосун акырына чейин күткөн экс-премьер министр үчүнчү жолу сунушталбай калып, бийликтен кетүүгө аргасыз болду. Көшөгө артында болсо Бакиев тандемдешинен парламенттин жардамы менен оңой кутулду деген пикирлер айтылды. Кулов өзү билдирүүсүндө бийлик коррупциялашып, үй-бүлөлүк башкаруу, кылмыштуулук күчөп баратканын баса белгиледи, кетип жатып бир жагынан жийиркенип, бир жагынан жеңилдей түшкөнүн айтты. Буга жооп кайтарган президенттин маалымат кызматы президент Бакиев тандемди бекем сактады деп, Кулов кызматынан парламент менен тил табыша албаганынан кеткенин белгиледи. Президент «бир кишинин кызыкчылыгы үчүн мыйзам чыгаруучу жогорку бийлик органын таратууга бармак эмес. Бул ансыз да өлкөдөгү саясий оор кырдаалды күчөтүп иймек» деп айтылат билдирүүдө. Анткен менен, Бакиев менен Куловдун ортосунда өкмөттү отставкага кетирүү, соңунан парламентти таратуу багытында жашыруун макулдашуу болгону тууралуу да божомолдор айтылууда. Бирок, бул өңүттө тараптардан кеп чыга элек.

Ошентип, март ыңкылабынан кийинки президенттик шайлоо алдында тандем түзүп, эл ынтымагынын кепили болууну көздөгөн эки саясий лидер ажырашты.

Буга чейин эки саясатчы ортодо ар кыл саясий кырдаалдарга жараша салкындык сезилип, сөз арбый баштаганда, тандем күчүндө экенин кыйыр же түз эскертип турушчу. Алардын ичинен Бакиев менен Куловдун тамашага шооткон былтыркы билдирүүсү байма-бай айтылып келатат:

- …Кээ бир саясатчылар көрүшкөндө эле кучакташып өбүшө берет. Анан экөө эки жакка караганда бири-бирин жамандап кире берет. Мен деле кучакташканды жактырбайм эми. Бу киши деле эркек, мен деле эркекмин, - деген президенттин сөзүн Кулов:

- Биз салттуу ориентацияда элебиз, башкага жол бербейбиз, - деп коштоп, аны Бакиев минтип улаган:

- Элдин көзүнчө эле кучакташып өбүшө бербесек ойлошот окшойт, булардын мамилеси начар деп. Андай эмес да. Токтотуш керек да. Качанга чейин эле сөз кыла бересиңер туугандар эми.

Бирок, муну сынчыл саясатчылар дароо эле атайын уюштурулду деп, иш жүзүндө мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн бириккен ынтымак жогун айтып чыгышкан. Кулов 14-февралдагы билдирүүсүндө ушул эле көз карашты кайталап, ишенимдүү тандемдеш болом деп ишенчиликтүү өнөктөрдүн сынына кабылганына өкүндү:

- Ошентем деп өзүмдүн аброюма, жылдап чогулткан баркыма доо кетирдим, өнөктөштөрүмдү аргасыз өзүмдөн алыстатып, колдоосунан ажырадым.

Кулов билдирүү жасары менен эле ич күптүсүн дароо айтып чыккандардын бири кезинде «Ар-намыстын» катарында Элдик Конгрессте өнөктөш болгон Социал-Демократтар саясий партиясынын лидери Алмаз Атамбаев болду:

- Анчалык эле реформа керек болсо, үй-бүлөлүк башкарууга бөгөт коем десе, мына биз ноябрда татынакай Конституцияны алып бердик эле. Бүт үй-бүлөлүк башкаруу токтоп калат эле да, ал иштеп кетсе. Аны өзү Кулов декабрда отставкага кетимиш болуп жайлабадыбы. Ишениш кыйын болуп турат. Мен ишенбей турам.

Премьер-министр ноябрь митингисинде Бакиевдин камчысын чапты, көшөгө артындагы сүйлөшүүлөрдө да кепке келбей койду деген дооматтар «Реформа үчүн!» кыймылын колдогон бир топ саясатчылардын оозунан чыкты. Жарандык лидер Эдил Байсаловдун көз карашында, Кулов куру сөзү менен оппозициянын ишенимине кире албайт, ал ынандыруучу негиздерди табышы керек.

Ачык айтылбаганы менен Куловду оппозициядан дискет-гейт чатагы да обочолонтуп тургандай. Ноябрь митинги учурунда Элдик Конгресстен бери бирге келаткан өнөктөшү Өмүрбек Текебаевдин иш бөлмөсүндөгү оппозициянын жашыруун жыйынынан жазылып алынган үн тасманы парламентке Феликс Кулов өзү алып чыкты. Айрым өнөктөштөрү Кулов бул кадамы аркылуу «оппозиция менен туташтырган акыркы көпүрөгө өрт койду» деп айтып чыгышкан. Бакиев менен кошо Куловдун кызматтан кетишин талап кылган чакырыктар күчөгөн. Бирок, муну президенттин саясатын жактаган «Эркиндик» саясий партиясынын лидери Топчубек Тургуналиевдин оюнда, бул - оппозициянын амалы:

- Бакиевди кетириш үчүн гана Куловду кетсин деп атышат. Бакиев кетери менен Куловду көтөрүп чыгат. Бул жерде Кулов менен Текебаевдин тандеминин ээри бекем. Кулов-Текебаев-Акаев деген үч бурчтук турат азыр.

Ушундай көз карашты тутунган президентчил саясатчылар Бакиев менен Куловдун тандем түзүшүнө башынан эле каршы болуп келишкен. Ошондуктан, алар «Ар намыстын» лидеринин кызматтан кетишин ачык да, кыйыр да талап кылып келишкен. Ал эми 2005-жылдын күзүндөгү буюртма жол менен өлтүрүлгөн Жогорку Кеңештин депутаты Тынчбек Акматбаевге байланышкан нааразылык акцияларында Куловдун бийликтен кетишин талап кылган акциялар күч алып кеткен.

Президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун ушундай жагдайлардын түзүлүшүнө Куловдун өзүнөн башка кишини күнөөлөгүсү келбейт:

- Кулов бир жарым жыл ичинде ушунчалык одоно ката кетирди. Куловго келген шанс бир да адамга келбейт. Куловду асманга көтөрүп жүрөбүз го. Он беш жылдан бери Кулов-Кулов деп тамагыбыз тешилди го. Айрыкча мен. Эрке бала болду го. Эми Кулов деле эл үчүн иштеп бериш керек эле го.

Турсунбек Акун Феликс Куловдо лидерлик сапатын танбайт, бирок, анын оппозицияга өтүшү эл ичинде ынтымакты бузат деп чочулайт. Ошондуктан, ал Кулов өзүн саясий күрөштө эмес, коомдук башталышта калыстыгын көрсөтүшүн каалайт.
Кулов, албетте, саясаттан кетпейт. Муну ал акыркы билдирүүсүндө баса белгиледи. Анын үстүнө Кулов үчүн оппозициядан колдоо кандай керек болуп турса, оппозиция үчүн да Кулов керек экендиги айдан ачык.

Байкоочулар реформачылар ага кыр көрсөтүшкөнү менен, түпкүлүгүндө анын айланасына биригерин болжошууда. Бул ириде «темир феликс» аталган бул адамдын саясий салмагы менен ченелүүдө. «Асаба» партиясынын теңтөрайымы Роза Отунбаеванын көз карашында маселен:

- Бир топ кыймылдар, күчтөр сөзсүз кошулат. Саясат деген татаал нерсе. Шарттарын, платформасын, лидерлик багытын угабыз. Куловдун коендой тиякка-биякка качмайы жок. Ошондо да маанилүү шарттарды биз билишибиз керек.

Ал эми саясат таануучу Нур Омаров оппозиция чыңдалууга баштанып калды дейт:

- Биринчиден, шарттуу айтканда, парламенттик жана оппозициячыл оппозиция чыңдалат. Куловдун аркасы менен бийлик оппозиция мамилесинде олуттуу бурулуш учур келатат. Оппозиция бийликке өз позициясын таңуулаганга мүмкүндүк алат.

Саясий санаалаштары Феликс Куловдун жолу катаал жана карама-каршылыктуу деп жүрүшөт. Кулов адегенде пикирдеш болуп келген президент Аскар Акаев менен мамилеси токсонунчу жылдардын этегинде бузулган. Парламенттик, кийинчерээк президенттик шайлоо алдында элдешкис абалга жеткен Аскар Акаевдин бийлиги учурунда Кулов үч кылмыш иши боюнча соттолуп, түрмөгө түшкөн. Ал Кыргызстан чегинде Куловдун таламын талашкан ар түрдүү нааразылык акцияларын пайда кылып, эл аралык уюмдардын кызыкчылыгын арттырган.

Март ыңкылабынан кийин бошонгон Кулов «Асаба»улуттук кайра жаралуу партиясынын лидери Азимбек Бекназаров баш прокурор болуп турган кезде биротоло акталган. Бирок, Акаевдин тушунда тагылган айтылуу «химсинтез» иши айрым саясатчылар тарабынан маал-маалы менен козголо калып жүрөт. Акыркы жолу бул маселе парламентте көтөрүлдү. Азимбек Бекназаров бул ишти баш прокурор кезинде биротоло жапканын белгилеп, бирок, кылмыш ишин жаңы жагдай деген негиздеме менен каалаган убакта жаңыртканга мыйзам жол берерин кошумчалады.

Феликс Кулов шаршемби күнкү билдирүүсүндө бийлик тараптан ар кандай күтүүсүз окуялар болуш ыктымалдыгын мындан ары кызматташуу ниети бар саясатчыларга эскерте кетти:

- Бирок, мен эскертип койгонум акыйкат болор, мени менен бирге болууну каалагандар азыркы бийликте бардык жаманчылыкка барууга жөндөмдүү адамдар бар экендигине даяр болушу керек.

Феликс Куловго байланыштуу көптөгөн бүдөмүк суроолор али жоопсуз калууда. Саясатчы келерки аптада саясий уюмдар менен кызматташтык маселесин талкуулап, журналисттердин суроолоруна жооп берүүгө камданып жаткандыгы маалымдалды.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG