Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

КАЙСЫ ӨЛКӨНҮН БАЛДАРЫ БАКТЫЛУУ?


Баян Жумакадыр кызы, Прага Кайсы өлкөнүн балдары өздөрүн бактылуубуз деп эсептешет? Бул суроого "Юнисефтин" жакында жарыяланган докладынан жооп ала аласыздар. Таң калычтуусу дүйнөнүн эң таасирдүү жана экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөрү АКШ, Британия жана Германия мамлекеттери Европанын Португалия сыяктуу кедей өлкөсүнүн ары-жак бери жагынан гана орун алышкан. Ал эми Голландия биринчи орунга чыккан. Голандиянын балдары эмне себептен барынан бактылуу болуп чыкты?

10 жашка чыкканча Америкада жашап, андан соң ата-энеси менен Голландияга көчүп келген 34 жаштагы Рутгер ван Хууденхофен эки өлкөнүн ортосундагы айырмачылыкты келери менен сезгенин баяндайт:

-АКШда сен ким экениңди бала кезиңде эле көрсөтүшүң керек, башкача айтканда, бала жаш курагында эле кадимки чоң киши сымал өзүнүн ким экенин аныктап алуусу керек. Ал эми Голландияга келгенде мен өзүмдү кадырэсе бала катары сездим, чоң киши болуунун кажети болгон жок ,- дейт Ван Хууденхофен. Голандияда балдарга бала болууга уруксаат этилет экен.

"Юнисефтин" "Балдардын жакырдыгы, бай өлкөлөрдүн балдарынын абалы" деген темада 2000-2003- жылдардын аралыгндагы иликтөөсү жыйырма бир өлкөдө ар түрдүү багытта боюнча жүргүзүлгөн. Изилдөөчүлөр балдарын ата-энеси жана үй-бүлөсү менен мамилелерине, ден-соолугуна, тандаган жүрүм-турумуна көңүл бурушкан. Изилдөөчүлөр ошондой ата-энең менен күнүнө канча жолу чогуу олтуруп, тамак ичесиң? Досторуң адамкерчиликтүүбү? - деген суроолорду беришкен.

Изилдөөчүлөр голландиялык балдар баарынын көңүлүнүн чордонуна коюлган, алар жакшы жайгаштырылган, балдар үчүн коомдук турмуштун баардык тармактарында, мейли саламаттык сактоо, үй-бүлө, спорт, мейли маданият менен өнөрчүлүк болобу, эң мыкты орундар берилген деген тыянакка келишкен. Голландиянын ар аймагы менен турак жай чөлкөмдөрүндө балдар үчүн спорттук ийримдер иштейт, ага балдардын баары жашы менен даярдык дэңгээлине карабай катыша алышат. Ар аймакта балдар бири-бири менен танышып, ойноп, баарлаша ала турган жаштар борборлору иштейт жана анда балдардын коопсуздугу толук камсыз кылынган.

Көпчүлүк голандиялык үй-бүлөлөр кечкисин балдары менен бирге тамак ичип, убактысын балдары менен бирге өткөрүшөт, ал эми мугалимдер үй тапшырмаларын азыраак берип, балдарга ойноо, өзү сүйгөн иши менен алектенүүгө бош убакыт калтырганга аракеттенишет. Голандияда көптөгөн аялдар ийкемдүү график боюнча иштеп, убактыларынын бир бөлүгүн балдары менен өткөрүшөт.

Голландияда сойкулукка жана маң заттын айрым түрлөрүн тартууга расмий уруксаат этилген, мындайда балдарды бул азыткыдан кантип сактап калып жатышта? - деген суроо пайда болот. Ага жооп жөнөкөй. Коомдун чакан гана бөлүгүн камтыган сойкулук жана маңчылык мамлекеттин катаң көзмөлүндө турат. Маңчылык менен сойкулукка уруксаат берилгендиктен, балдар маң-зат тартууга же сойкулук кылууга ашыкпайт. Өспүрүм балдар болсо сойкулук кылуу менен маң зат тартууну ата-энесине сес көрсөтүүнүн куралы кылышпайт.

XS
SM
MD
LG