Кондолиза Райс Иордан дарыясынын батыш жээгинде Аббас,ал эми Иерусалимде Олмерт менен жолукту. Сүйлөшүүлөрдүн мазмуну тууралуу эчтеме айтылган жок. Болгону Райс палестин өкмөтү өз программасын жарыялап,толук ишке киришмейинче анын курамы тууралуу Вашингтон эч кандай пикирин айтпай турганын гана бышыктады.
“Фатх” жана “Хамас” топтору жакында жетишилген келишимге ылайык улуттук биримдик кабинетин түзүшкөн эле. Айрым маалыматтарда “Хамас” Израил менен түзүлгөн мурдагы келишимдерди аткарууга макул болгону айтылат.
Израил премьери Эхуд Олмерт жекшемби күнкү жолугушуу алдында Палестинанын жаңы өкмөтү Израилди тааныбаса ага АКШ бойкот жарыялаганга макул болгонун билдирди. “Жакынкычыгыш квартети” койгон шарттарды кабыл албаса палестин өкмөтү кызматташууга үмүт кыла албайт. Муну жума күнү президент Жорж Буш менен телефон аркылуу талкууладым, бул маселеде АКШ менен Израилдин позициясы окшош”, деп айтты Олмерт.
Бүгүн үч тараптуу жолугушууда тынчтык процессин жандандыруунун маанилүү өңүттөрү козголору калетсиз. Бирок сүйлөшүүлөрдүн майнаптуу болоруна үмүт аз дешет.
Алдыдагы бейшембиде Берлинде “жакынкычыгыш квартети” – ООН,Евросоюз,АКШ жана Россия кезектеги жыйынга чогулат. Анда жөөт-палестин жаңжалын жөнгө салууга байланышкан бир катар маселелер,анын ичинде бүгүн боло турган үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары талкууланат.