Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, иш сапардын жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык тармакта алака-байланышты чыңдоо, экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-австриялык комиссиянын ишин илгерилетүү, жогорку деңгээлдеги иш сапарларды уюштуруу маселелери каралат. Кыргыз студенттерине Австриядан билим алууга стипендия бөлүп берүү сунушу да талкууланмакчы. Австриялык делегация Алатоо аймаганда 21-22-февраль күндөрү болот. (EBM)