Пхеньянга МАГАТЭ директорунун орунбасары Олли Хейнонен келерин япониялык “Асахи” гезити кабарлады. Түндүккорей өкүлдөрү менен ал Йонбендеги ядролук ишкананы инспекциялоонун шарттарын макулдашат. Хейнонендин отчетун МАГАТЭнин башкаруучулар кеңеши 5-мартта башталганы жаткан сессияда талкуулап, Пхеньянга инспекторлорун жиберүү жөнүндө чечим кабыл алышат. Айрым булактардын маалыматтарына караганда,МАГАТЭнин эксперттери Түндүк Кореяга марттын орто ченинде барышы мүмкүн.
Мындан төрт жылдай илгери Пхеньян ядролук куралдарды таркатпоо тууралуу эл аралык келишимден чыгып, Түндүк Кореянын атомдук обьекттерине көзөмөл жүргүзүп жаткан МАГАТЭнин инспекторлорун өлкөдөн чыгарып жиберген эле. Бирок өткөн аптада Пекиндеги алты тараптуу сүйлөшүүлөрдө Пхеньян Йонбендеги ишканасын жаап,аны атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин – МАГАТЭнин көзөмөлүнө берүүгө макул болду. Макулдашууда Япониядан башка төрт өлкө - АКШ,Кытай,Россия жана Түштүк Корея - Пхеньянга энергетика чөйрөсүндө каралашканга, экономикалык көмөк көрсөткөнгө жана коопсуздугун кепилдегенге милдеттеништи. Мындан тышкары АКШ Түндүк Корея менен мамилесин нормалдаштырып, аны дүйнөлүк терроризмди колдогон өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарганга сөз берди.
Пекиндеги келишимди комментариялашып, түндүккореялык маалымат каражаттары кеп болгону Йонбендеги атомдук ишкананын убактылуу жабылышы тууралуу гана болуп жатканын жазып чыгышты. Чет элдик башка бир булактарда Пхеньян дале тымызын уран байытып жатканы да айтылды.
Түндүк Кореянын жашыруун уран программасы тууралуу маселе 2002-жылы сүйлөшүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашына себеп болгон эле. Ушундан улам бу проблеманы козгогонду Вашингтон азырынча эп көргөн жок. Ошол эле учурда түндүккореялыктар кокус келишимди бузчу болсо, Пхеньянга кайрадан экономикалык санкциялар киргизилерин эскертти.
Лондондук эксперт Кристиан Лемиер “Азаттыкта” берген интервьюсунда дегеле Пхеньяндын убадаларына өтө кыйкымчылдык менен мамиле кылуу зарылдыгын белгиледи. Келишимге кол койгону менен Түндүк Корея ушул учурда ядролук программасын уланта бериши да ыктымал, дейт ал.