Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 10:48

ТОЙГОНБАЙ КАЛМАТОВ: ДИНИЙ УЮМДАРДЫ КАТТОО ТАРТИБИ ЗАМАН ТАЛАБЫНА ТӨП КЕЛБЕЙТ


Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы болуп жаңыдан дайындалган Тойгонбай Калматов мамлекеттин бул тармактагы саясаты кандай болору тууралуу “Азаттык” менен маектешкен.

- Сиз Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысынын кызматына жакында өкмөт кайра түзүлгөндөн баштап кириштиңиз. Бул чөйрө сизге тааныш эле беле?

- Бул чөйрө мага мурун иштебегениме карабастан тааныш. Себеби 2003-жылы ажылык сапарга Сауд Арабиясына ыйык Меке, Мединага барып келгем. Андан кийин да бир топ Араб мамлекеттерине барып, андан тышкары дин боюнча бир топ китептерди, ыйык Куранды баш кылып окуп таанышып чыккам. Ошондуктан тааныш десем жаңылыштык болбойт.

- Сиз жетектеген мекеме түштүккө көчкөнү жатасыздарбы?

- Ооба, мага чейин эле түштүккө негизги офистери көчүрүлгөн экен. Бишкекте эсептелүү гана кызматкерлер калган. Себеби, түндүк региондогу маселелерди чечиш үчүн булар бул жерге керек болсо керек.

- Агенттиктин милдетинин бири бул диний кырдаалга мониторинг жүргүзүү. Өлкөдө тыюу салынган “Хизб-ут тахрир” уюму азыр түндүктө активдешип жатканы жашыруун эмес. Ага карата укук коргоо органдары каршы күрөшүүдө. Баракча таратып жүрүп кармалгандар тууралуу маалыматтар утур-утур чыгып жатат, кечээ Кочкорго жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көргөзөбүз деп баргандар да кармалышкан экен. Демек, ушул окуяларда алардын мүчөлөрүнүн саны көбөйүп жатканын белгиси болсо керек. Эмне үчүн жергиликтүү тургундардын айрым өкүлдөрү ушул уюмдун катарына кирүүдө. Идея элеби, же кара жагы да барбы?

- Айтканыңыз абдан туура. Бул жалпы элибизге, айталы, ислам дини боюнча дагы, христиан дини боюнча дагы жеткиликтүү түшүнүк жетпегендиктен ошол инсандар кээ бир убактарда экстремисттик жанагыдай бир топторго берилип кетип атат, бул биринчи себеби. Бүгүнкү күнү көп жарандарыбыздын турмушундагы экономикалык кыйынчылыкты пайдаланып, жанагыдай уюмдар буларга финансылык жардам бере коюп өздөрүнө тартып ала коюп жатканы - бул экинчи маселе. Ал эми үчүнчүсү, бүгүнкү күнү, айрыкча жаштардын арасында өзүнүн элинин, жеринин, кылымдарды карытып келаткан салт санаасын терең түшүнүү, патриоттук сезимталдык пайда болбогондуктан, кээ бир убактарда айрым жаштар экстремисттик топторго кошулуп кетип аткандыгы бул ачуу чындык.

- Былтыр жайында эле сөз болду эле, Кыргызстан аймагында диний уюмдардын катталуу тартибин күчөтүү боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керек деген маселе. Ошол маселе азыр күчүндө элеби?

- Бүгүнкү күнү Кыргызстанда эки жарым миңге жакын диний уюмдар, бирикмелер каттоо өтүп иштеп атат. Бирок биз ошол каттоо тартибин карап чыксак, бүгүнкү күнкү талапка анчалык төп келише бербейт экен. Биздин агенттик тиешелүү багыттагы диний кызматкерлер менен келишип, алар менен макулдашып дегендей өзүбүздүн сунушубузду, ой-пикирибизди даярдап атабыз. Биринчи иретте агенттиктин өзүнүн нормативдик документтерине өзгөртүү, толуктоолорду киргизсек, анан жалпы мыйзамыбызга, ошонун ичинен президент Курманбек Бакиевдин да Жарлыгына кошумча-алымчаларды сунуш кылалы деген ниеттебиз.

- Мусулмандардын диний башкармалыгында айрым чыр-чатактар орун алып жатты эле, соңку жагдай кандай, жөнгө салындыбы?

- Бүгүнкү күнү ал толук тынчып кете элек. Бирок биз тийиштүү органдар менен бирдикте, ошол эле муфтияттын уламалар кеңешинин мүчөлөрү менен бирдикте бул багытта териштирүү иштерин жүргүзүп атабыз. Буюрса жакында бул маселеге чекит коюлат деген үмүттөмүн.

- Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Улан Эшматов, Прага
XS
SM
MD
LG