Тышкы карыз жүгүн жеңилдетүү амалы буга чейин алынып келген кредиттерди кайтаруу мөөнөтү келгенден тарта чыкты. Карыз акча үстөк пайызы менен ушу тапта 2 миллиард долларды чапчып, өкмөт аны кантип кайтаруунун аргасын табалбай отурат. Бирок да экономикалык маселе Кыргызстан шартында чоң саясий өң-түс алып, HIPC программасына кирүү-кирбөө бейөкмөт уюмдардан тарта, саясий партияларга чейин, ал аз келгенсип өкмөт менен оппозициянын ортосундагы чоң талашка айланып кетти. Президент К.Бакиев бул жагдайды саясий оюн катары мүнөздөдү.
- ХИПКтин шарты анын оң-терс жактары кыргыз эли үчүн маалым болмоюнча кээ бир саясатчылардын сөзүнө кирип өлкөнү будуң-чаңга салбагыла, деп такай айтып келдим. 6 кишиден турган комиссия бул маселени карап чыгып анын оң жагынан терс натыйжасы көп болот деген пикирге келген. Алардын жүйөөсү туура деп ойлойм. Мурунку өкмөт бул маселени толук аягына чейин жеткире чече алган жок. Жоопкерчиликти алам деп айтыш, кайра сөзүнөн баш тартыш оңой. Бирок бул программаны аткаруу канчалык татаал экени да белгилүү. Өкмөт Жогорку Кеңеш менен тыгыз байланышта болуп бул маселе боюнча так позициясын аныктоо зарыл эле.
Адистердин ырасташынча, алынган карыз акчанын 10% ашууну ошол эле эларалык каржы уюмдарынан келген кеңешчилердин кызмат акысына жумшалган. Ал эми чет өлкөлүк адистер кандай кеңештер бергенин, анын натыйжасы кандай болгонун Кыргызстандын азыркы экономикалык ахывалы баарынан ачык-айкын көрсөтүп турат.
Тышкы карыз жүгүн жеңилдетүүнүн арга-амалын иликтөө үчүн түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын мүчөлөрү бир бүтүмгө келе албай, каржы министри менен Улуттук банк төрагасы программага кирүүнү жактаса, калгандары каршы чыгышкан. Өткөн жылдын аягында а кездеги өкмөт башчы Феликс Кулов болгон жоопкерчиликти өзүнө алып, эгер Кыргызстандын шартын туура көрсө өлкө программага кирүүгө кайыл экенин билдирип, эларалык каржы уюмдарына кат жөнөткөн. Өкмөт башчылыктан кеткенден кийин Ф.Кулов ал катын кайра чакыртып алды. Эмнеликтен HIPC демилгеси боюнча позициясын улам-улам өзгөртүп жатышынын себеп-жөнүн экс-премьер-министр мындайча түшүндүрөт.
- Ушуга байланыштуу тышкы карыз жүгүн жеңилдетүүчү HIPC деп аталган программа боюнча позициямы айта кетейин. Президент К.Бакиев эгер Кыргызстандын карыз жүгүн жеңилдете турган болсо, мен аны бираз жумшартып атап кетейин, Африканын жараны болууга деле кайыл экенин билдиргенгенге чейин мен HIPC программасына каршы болчумун. Бирок президент айткандан кийин өкмөт аны ишке ашырылчу программа катары кабыл алды. HIPC тууралуу коомчулукта терс пикир түзүлүп калганына карабай, аны жалаң карыздан гана кутултчу ыкма катары баалабай, бюджет жүгүн көтөргөн тармактардагы коррупциянын тизгинин тартчу механизм катары кабылдадык. Андайда энергетика менен тоокен тармагындагы абалды эске алдык. Мына ушундан соң өлкөнүн тыш карызын жеңилдетчү программанын жоопкерчилигин толук өзүмө алдым,- дейт Ф.Кулов.
Буга чейин өкмөт тышкы карыздын канчасын натыйжалуу пайдаланып, канчасынан өлкө зыян тартканын жарыя кыла элек. Өкмөт башчынын биринчи орунбасары Данияр Үсөнов жетектеген комиссия алынган кредиттердин түгөл эсеп-чотун алганын айтып, Кыргызстан карызга белчесинен батып калышына биринчи иретте эларалык каржы уюмдары күнөөлүү экенине басым жасады.
- Бул эмне үчүн ушунчалык жакшы болуп жатат? Болгондо да 1 миллиард дoлларды “шак” кечип жатат? Мунун артында эмне бар деп башка жагын карадык. Биринчиден, бизде бу 2 миллиард дoллар кайдан пайда болду, асмандан түштүбү деген суроо турду. 15 жыл ичинде алган акча кайда кетти? Карасак ушул эле Дүйнөлүк банк, ошол эле Эларалык валюта кору бул акчаларды бизге бере бериптир. “Мынабу программаны жаса – жыргайсың, тиги программаны жаса – жыргайсың!” дейт. Бирок 15 жыл ичинде Кыргызстан жыргабай эле 2 миллиард карызга батып отуруп калды.
Өкмөт мүчөлөрү жактырбаган HIPC программасына кирбей калган соң Кыргызстан убакты-сааты келген тышкы-ички карыздарды кайсы булактардын эсебинен төлөйт? Бюджет таңкыстыгын өкмөт кантип бүтөйт? Өкмөт башчы А.Исабеков ал үчүн Кыргызстандагы экономикалык өнүгүш жыл сайын 8% кем эмес, ал эми кирешенин өсүшү жыл сайын жок эле дегенде 20% төмөн түшпөй, чыгаша кеминде 10% жогорулабай турушу керек дейт.
Өткөн жылдын экономикалык көрсөткүчтөрү күтүлгөндөй болгон жок. Ички дүң продукт көлөмү 8% чыккан жок. Андайга жетиш үчүн Кыргызстанга кеминде 500 миллион доллар тикелей инвестиция агылып келиши керек, дейт Д.Үсөнов.
HIPC программасына кирүү Кыргызстан экономикасы үчүн кыйла пайда алып келерин жыйын соңунда каржы министри Акылбек Жапаров айтты.
- Элге кайрылып, андан акча сурабашыбыз керек. Элдин “каймактарына” - өкмөттүн мүчөлөрүнө, депутаттарга, байларга кайрылышыбыз керек. “Ушу 15 жыл ичинде биздин экономикабыздын шарпасы менен байыдыңар. Эми мүмкүнчүлүк болсо облигацияларды алып жардам бериңиздер”, дейли. Кыргыз эли 2 миллиардды жеген жок. Ошол жегендерди кустурушубуз керек. Аттиң ай, болуп калса жакшы болот эле. Эми болбой калгандан кийин иштеш керек.
Өкмөттүн эларалык каржы уюмдарынын тышкы карыз жүгүн жеңилдетүү программасына кирүүдөн баш тартышы Ф.Куловдун 14-февралдагы билдирүүсүнөн кийин эле айкындалып калган. Аткаруу бийлиги күтүүсүз кадамы менен оппозициянын колундагы айныксыз аргументти тартып алганын байкоочулар азыртан эле айта башташты. Кыргызстанда экономикалык кызыкчылык да саясий шөкөткө оронуп алган.