Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:22

21-ФЕВРАЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Бу күндөрү ишин уланткан 1956-жылкы КПССтин XX съездинде Кыргызстандын борбору Фрунзе шаарында кубаттуу ТЭЦ куруу маселеси чечилген. ЮНЕСКО эл аралык уюму белгилеген эне тил эл аралык майрамы бу күнү Кыргызстанда да майрамдалат.

Атактуу академик Василий Владимирович Бартольддун 1927-жылы жарык көргөн «Киргизы. Исторический очерк» аттуу эмгеги коомчулук арасында ар түрдүү пикир жаратты. Кыргыз интеллигенциясы акыры келип өзүнүн тарыхына жеткенине жетине албай ыраазы болсо, айрым сынчылар 1928-жылдын бу күндөрү чыгармага каршы көз караштарын билдиришти. Алардын пикирине ылайык «илимий чыгарма татаал тилде жазылып, 57 барактык китептин 1 рубль 25 копеектик баасы китеп күйөөрманы үчүн огеле кымбат».

Түркстан коммунисттик партиясынын I Жетисуу съезди 1919-жылдын 22-февралында ишин баштады.

КПССтин XX съезди 1956-жылдын бу күндөрү ишин улантып, анда КПСС Борбордук Комитетинин биринчи секретары Н. С. Хрущевдун «Жеке адамга сыйынуу жана анын кесепети» аталган билдирүүсү угулган. Партия съездинде союздук саясий жана экономикалык маселелер талкууланып, Кыргызстан үчүн тарыхый маанилүү иштин ажааты ачылган. Партиялык көрсөтмөгө ылайык Кыргызстандын борбору Фрунзе шаарында кубаттуу ТЭЦ куруу маселеси талкууланып, ал оң чечилген жана аны куруу үчүн камылга иштерин көрүүгө көрсөтмө берилген.

ЮНЕСКО эларалык уюму 1999-жылы 21-февралды эне тилдин эл аралык майрам күнү катары белгиледи. ЮНЕСКО уюмунун иликтөөсүнө караганда дүйнөдө 6500 тил колдонулуп, алардын көпчүлүгү жоголуу чегине жеткен. Ааламдагы глобалдашуунун арааны арткан сайын, майда тилдер, аны менен бирге нечендеген маданият өрнөктөрү жоюла баштады. Эларалык изилдөөлөр көрсөткөндөй кыргыз тили да майда тилдердин катарына кирет. Демек, жоголуу коркунучу кыргыз тили үчүн да жаралган жана ага каршы алдын ала чаралар көрүлүп, эне тилди мыйзам алкагында коргоо, майрамдык белгилөө сыяктуу иштер жасалып келет.

Парламент спикери төрагасы Өмүрбек Текебаевдин өз эрки менен кызматтан кетүүнү сураган арызына ылайык жүргүзүлгөн Жогорку Кеңештеги добуш берүү жыйынтыгы, бир күн өтпөй шек туудуруларды жаратты. Парламенттин 2006-жылдын 21-февраль күнкү жыйынында, депутат Зияддин Жамалдинов добуш берүүгө ашыкча бюллетень колдонулгандыктан анын жыйынтыгы туура эмес натыйжа бергендигин белгиледи. Маселенин чоо-жайын териштирүүгө бир жумалык мөөнөт бөлүнүп, аткаруу милдети кайрадан эсептөө комиссиясына жүктөлдү.

Бу күнү 1904-жылы айтылуу совет өкмөт башчысы Алексей Косыгин жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG