Майкл Макконнелл Вашингтонго жакын Боллинг авиабазасында ант берди. Азем учурунда сүйлөгөн сөзүндө Буш 11-сентябрдагы окуялардан бери беш жыл өтсө да чалгындоо органдары дале реформага муктаж экенин белгиледи. Бул тармактын аксаган жери деп ал чет тилдерди жакшы билген кызматкерлердин жетишсиздигин атады.
Президенттин бул сөздөрүн Макконнелл толугу менен колдоду. Чалгындоо чөйрөсүндөгү мурдагы саясат айрым реформаларга зыянын тийгизди, деп айтты ал. Мисалы, чалгынчылык иштерге биринчи жана экинчи муундагы америкалыктарды тартуу зарыл. Алар бир катар тилдерди жакшы билет, өздөрүнүн түпкү теги тараган өлкөлөрдүн маданиятын унутуша элек, аларды мыкты түшүнөт.
Мындан тышкары Макконнелл АКШдагы он алтыга жакын чалгындоо мекемелери ортосундагы маалымат алмашуу тарыйкаларын жакшыртып, алардын өз ара оперативдүү иштерин камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи. 2001-жылдын 11-сентябрындагы балаамат иштерге чейин бул жагынан чалгындоо органдарына олуттуу чектөөлөр коюлган эле.
Президент Буш аталган ушул милдеттердин баарын жүзгө ашырууга Макконнеллдин тажрыйбасы, таланты жана эрки жетишерине бекем ишеничин билдирди. Макконнелл чалгындоо органдарынын иштерине эң алдыңкы технологияларды киргизүүгө да президенттин көрсөтмөсүн алды.
Алтымыш үч жаштагы Майкл Макконнелл чалгындоо тармагында кырк жылдай кызмат кылган. Отставкага чыккандан кийин жеке сектордо иштеген. Быйыл 5-январда аны президент Буш улуттук чалгындоо мекемесинин директорлугуна дайындаган, ага чейин бул кызматта Жон Негропонте иштеген. Ал азыр мамлекеттик катчынын биринчи орунбасары.