Эки өлкөнүн соода-сатык сүйлөшүүлөрүнүн артынан чыгып сүйлөгөн Түркиянын соода министри Күршат Түзмен өткөн жылы эки ортодогу сооданын көлөмү 6,7 миллиард доллар түзгөнүн, Түркия Иранга саткан 1,1 миллиард доллар көлөмүндөгү товарга караганда Ирандан 5,6 миллиард доллар товар сатып алганын билдирүү менен соода-сатыктагы теңсиздикке басым жасады. Иран менен соода-сатык байланыштарындагы бул жараканын бүтөлүшүн талап кылган Түзмен мырза Иранда түрк товарлары туш болгон оор шарттарды жеңилдетүүгө үндөдү.
Конок министр Mуттеки болсо Түркия менен өзөктүк тармакта кызматташтык түзүүнүн мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз козгоп, Европага энергетиканы алып чыгууга Түркиянын геостратегиялык ыңгайлуу абалын баса белгиледи.
Ирандын уранды байытуу программасын токтотуу үчүн БУУ койгон ультиматумдун мөөнөтү бүтөрүнө бир күн калган учурда болуп жаткан сапарынын жүрүшүндө Ирандын тышкы иштер министри Муттеки Түркиянын жетекчилеринин тамырын кармоого тырышты.
Түркиянын өкмөт башчысы Реджеп Тайып Эрдоган менен жолуккан министр БУУнун ультиматумуна кыр көрсөтүп, «Батыш өлкөлөрү өзүлөрүнүн өзөктүк программасын токтоткондо гана Иран алардын шартын кабыл алат» деп билдирди.
Ирандык министр Анкара шаарында кечке жуук түркиялык кесиптеши Абдуллах Гүл менен жолукту. Гүл менен Муттеки көрүшкөндөн соң маалымат каражаттарынын алдына чыгышты. Мусулман өлкөлөрдүн ортосунда жикке бөлүнүү барбы деген суроого жооп кайтарып Абдуллах Гүл андай бөлүнүү болбогон менен айрым мусулман өлкөлөрүнүн ортосунда ажырым көз караштар бар экенин айтты.
«Айтор, биз бүт мусулман өлкөлөрү катары ортобузда бир жараканын орун алышына жол бербешибиз керек. Антпесе, эгерде келишпөчүлүктөрдү жойбосок, кудай сактасын, анда жикке бөлүнүүлөр орун алышы ажеп эмес»,- деп билдирди Түркиянын тышкы иштер министри Абдуллах Гүл.
Бүгүн Түркиянын президенти Ахмет Неждеп Сезердин кабыл алуусунда болгондон кийин ирандык министр сапарын карытып элине кайтып кетет.