Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:50

КЕМИНДЕ БЕРМЕТ АКАЕВА, КАРАСУУДА ЖАНЫШ БАКИЕВ ДЕПУТАТТЫК ЖАРЫШКА ЧЫГАБЫ?


Кемин районунун аялдар комитети Жогорку Кенешке депутаттыкка экс-президент Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаеванын талапкерлигин көргөзүп жатышат. Ал эми «Эмгек жана Биримдик» партиясы №40 Отузадыр шайлоо окургу боюнча президенттин иниси Жаныш Бакиевдин талапкерлигин көрсөтүү демилгесин көтөрүүдө. Айрым байкоочулардын баамында, мурдагы жана азыркы мамлекет башчыларынын жакын адамдарынын парламентке келүү аракеттери мурунку бийликти жаманатты кылган каталарды кайталоого алып келиши ыктымал.

Кеминдик аялдар Бермет Акаева депутат болуп шайланса райондун социалдык-экономикалык проблемаларын чечүүгө колдоо көрсөтөт деп ишенип жатышат. Райондук аялдар комитетинин лидери Лира Оморованын билдиргенине караганда, Бермет Акаева депутат болбой деле жергиликтүү элге жардам көрсөтүп келатат:

“Кеминде компьютери жок бир да мектеп жок, анын баарын Бермет Акаева алып келген. Кыйналган убакытта да элге жардам берип жатты. Кээде акырын келип эле жардам берип аткан учурлар болгон. Аны эч ким билбей деле калды. Биздин оюбузча, Бермет Акаева депутат болууга татыктуу”.

Лира Оморова райондук аялдар комитетине мүчө үч миңге жакын аялдын атынан Бермет Акаеваны депутаттыкка талапкерлигин коюну суранып атканын айтты.

Экс-президенттин кызы буга чейин университет шайлоо округунан депутаттыкка шайланып, бирок, шайлоо учурунда мыйзам бузду деген негиз менен мандатынан ажыратылган. Ал эми 2006-жылдын 5-октябрында БШКнын чечими менен Кемин округу боюнча шайланган иниси Айдар Акаев парламенттин ишине катышкан жок деп депутаттык укуктан ажыраган.

Алдын ала маалыматтар боюнча №57 Кемин округу боюнча депутаттыкка жыйырмага жакын адам өз талапкерлигин көрсөтөт.

ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, Кемин округу боюнча экс-талапкер Жыпар Жекшеев кеминдик аялдардын мындай демилгесине карамандай каршы экенин айтат:

“Эгерде Акаевдердин үйбүлөөсүнөн кызы болбобу, же башка бирөөсү болобу, саясатка аралашабыз деп кайрадан келе турган болсо, ошону биз колдоп бере турган болсок, бул элдин караңгылыгы, саясий сокурчулугу деген баа берет элем”.

Ал эми кайра шайлоо белгиленген №40 Отузадыр шайлоо окргу боюнча Муратбек Малабаевдин ордуна депутаттыкка «Эмгек жана Биримдик» партиясы Жаныш Бакиевдин талапкерлигин көрсөтүү демилгесин көтөрүүдө. Бул тууралуу Жаныш Бакиев жетектеген эл аралык байланышты өнүктүрүү жана инвестициялык программалар боюнча борборунун өкүлү Эркиндик Токтобаев билдирди:

“10-мартка чейин партиянын курултайы болот. Ошондо талапкерди көргөзүү болот. Пленум өткөргөндө Жаныш Бакиевге токтолдук, анткени ал көп жылдар бою органда иштеди, мамлекетте эмне болуп жатканын жакшы билет. Депутат болуп барса өзүнүн салымын кошот деген максатта анын талапкерлиги көргөзүлүп атат”.

Буга чейин Коопсуздук кызмат башчысынын орун басары болуп келген Жаныш Бакиев былтыр «Матрешка» чатагына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган эле.

“Реформа үчүн” кыймылынын мүчөсү Алмаз Атамбаев президенттин инисинин талапкерлиги көрсөтүлүп жатканы эски бийликтин катасынын кайталанышына алып келет деген пикириде:

“Президент өзүнүн жакын адамдарын бийликке алып келип, көкөлөтүп турганы эмнеге алып келет, аны бардыгыбыз жакшы билебиз. Бул жерде эски бийлик да, жаңы бийлик да ошондой катачылыка барганы турат окшойт”.

Белгилей кетчү жагы, демилгелерге байланыштуу Бермет Акаева да, Жаныш Бакиев да өз ойлорун ачыктай элек. Бул чөлкөмдөр боюнча кайра шайлоо ушул жылдын 29-апрелине белгиленди. Ал эми округдар боюнча талапкерлерди көргөзүү 23-феваралдан тартып башталат.

XS
SM
MD
LG