Ошондуктан анализчилер оозунда 2014-жылы өткөнү жаткан Олимпиадалык кышкы оюндарды австриялык Зальцбург менен Түштүк Корейлик Пхенчханга караганда Сочиде тың өтөт дешке болобу деген суроо улам кайталанууда.
«Кызыл жайык» районундагы тоо бетинде шейшембиде лыжа тепкен Владимир Путин, ал жердеги бетти олимпиада оюнун өткөрүүгө жарайт деп баа берген. Мамлекеттик сыналгыдан Сочинин жеңип чыгарына торлук мүмкүнчүлүк бар экенин айтты.
«Биз Сочинин 2014-жылда өткөнү жаткан Олимпиаданын борбору болуп калыш үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз!» - деп убада да берди.
Анализчилер чөйрөсү болсо Эл аралык Олимпиадалык комитетти бир коркутса – Сочиге танапташ жаткан Кавказдагы кандуу кармаш коркутат дешет. Бирок жети жылга дейре ал басылат дегендер да бар.
Ошого карабай июль айында Эл аралык Олимпиада комитетинин эксперттери Гватемалада - 2014-жылкы кышкы оюндар өтчү калааны атайт дешет. Аны деле чоң саясат башкарарын да айтышат.
20-февралда Сочиде олимпиадалык имараттарды салууга нааразылыгы бар элдин көчөгө чыгусу болгон. «Эхо Москвы» баяндаганга караганда ага миңдей жаран катышып, экологиялык жагдайга катуу сокку уруларын эскертишкен.
«Орусия-Гринпис» программасынын жетекчиси Иван Блоков «Азаттыкка» берген жообунда Сочиде салынганы аткан жайлардын эдигиче мамлекеттик экспертизадан өтө электигин белгиледи:
«Ал курорттогу корукка алынган парк катуу зыян тартат. Аны болтурбаш үчүн өкүмөттүк деңгээлде чечим кабыл алынууга тийиш. Ошондон кийин гана долбоорду бекитүү болот. Ал кемчиликтер үч-беш аптанын ичинде четтетилүүө тийиш. Болбосо андай долбоорду колдоп колун коючу экспертти табуу кыйын болот», - дейт Блоков мырза.